Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:18

Исламдык банктар глобалдык кризиске алдырбайбы?


 Ливандын Борбордук Банкындагы акча саноо

Ливандын Борбордук Банкындагы акча саноо

Финансылык кыйроолордун маалында исламдык банктар кадимки банктарга караганда глобалдык кризистен көп жапа тарткан жок. Шариятка негизделген эрежелер аларды башка финансылык институттарды астын-үстүн кылган "уулуу" акцияларга инвестиция салуудан "арачылап" калган шекилдүү.

Ушул аптада Индонезиянын баш калаасында Дүйнөлүк Исламдык Экономикалык форум болуп өттү. Анын катышуучулары исламдык финансылык институттардын иш-билгилигине жогору баа беришти. "Исламдык банктар глобалдык кризистен анча кыйналган жок, анткени алар "исламга шайкеш келбеген" иш-аракеттерден сак болушкан" деп ырасташты жыйында чыгып сүйлөгөн мамлекет башчылары жана бизнес ээлери.

Индонезиянын президенти Сусило Бамбаң Юдхойоно финансылык кризисте банкты иштетүүнүн жана финансы иштеринин исламдык жол-жобосунун күчү көрүнгөнүн белгиледи. Ал Батыш банкирлерин исламдык финансылоодон көп нерсени үйрөнүштөрү керектигин белгилеп, исламдык банктарды глобалдык экономикада лидерлик ролун күч алдырууга чакырды.

Куранга негизделген чектөөлөр исламдык финансы институттарын батыштык банктардан бөлөкчө иштөөгө мажбурлайт.

Албетте, исламдык мыйзамды же шариятты ар ким, ар кайсы мамлекет ар башкача талдашы мүмкүн, бирок жалпысынан алкоголдук ичимдик, ак кой менен соода кылган жана азгырык оюндарга аралашкан ишкана-бизнестерге инвестиция салууга шариятта тыю салынат деп эсептелинет.

Ошондой эле Куранда "риба" деп аталган тыюу бар. Ага ылайык, мусулмандар акчаны карызга берип, же банкка салып, андан акча түрүндө үстөк пайыз албашы керек. Шарият боюнча бирөөгө карыз бергенде, анын кепилдигине же акысына алтын, жер же каруу-жабдыктарга окшогон мүлктү гана ала алат.

Исламдык финансы системасынын билерманы, Лондондогу Нортон Роуз эл аралык адвокатурасынын шериги Нейл Миллердин айтымында, ушундай чектөөлөргө байланыштуу, Исламдык банктар бүгүн батыш банктарына үлгү боло ала тургандай иш жүргүзүп жатышат:

– Исламдын банк системасында кайсы бир деңгээлде (Батышта) мурда болуп келгендей иш алып барышат. Алардын ишмердүүлүгү тааныш-билиш алакаларга жана тобокелге салуучулуктун деңгээлин тыкат анализдөөгө негизделет. Биз да Батышта банк системасы кризиске кабыла электе болуп келген катаал эрежелерге кайтып келишибиз зарыл.

Миллер бирок исламдык банк финансылык кризистен узак мезгилдүү калканч боло албай тургандыгын эскертет. Анткени кризис курчуп, жер жана мүлк арзандап жаткан азыркы тапта, аларды кепилдик катары алган айрым исламдык банктар жапа тартып калышы мүмкүн.

Голландиялык исламдык финансы изилдөөчүсү Абдул Гафур да Азаттыкка ушул эле көз карашын билдирди:

- Исламдык банктар негизинен кыймылсыз мүлккө артыкчылык берет. Азыр мындай мүлктүн баасы түшүүдө, демек ал банктардын да портфолиясы жыдып жатат. Ал банктар кыймылсыз мүлккө түздөн-түз инвестиция салганбы же баалуу кагаздар аркылуу иш алпарганбы, көп нерсе ушуга да байланыштуу болот. Ошондуктан Исламдык банктан кыйын система жок деп жалпылаштырган туура эмес. Ар бир банкка жана анын ишмердүүлүгүнө өз-өзүнчө караш керек.

Сырт байкоочулар да инвесторлорго исламдык банкка акча салуудан мурда алардын ишин иликтөөгө кеңеш беришүүдө. Алардын пикиринде, исламдык финансылоо бүгүн жалпы эле глобалдык финансы системасы менен жуурулушуп кеткендиктен келечекте ар кандай кыйынчылыктар чыгышы мүмкүн. Ал эми голланциялык изилдөөчү Гафур исламдык банктар глобалдык кризистен мыкты корголгон деп ырастоонун канчалык чын экендигин далилдеген реалдуу статистикалык маалымат жок экендигин белгилейт.

Чынында эле айрым ири исламдык банктардын ачыкка чыгарган финансылык отчеттору аудиттен өткөн эмес. Ошондуктан алар кризистен канчалык жапа чеккен-чекпегендигин ишенимдүү айтуу мүмкүн эмес.




XS
SM
MD
LG