Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

“Парламент шайлоочулардын көзү менен: бир жылдын жыйынтыгы” атуу форум өтөт


Аны өлкөдөгү жарандык коом өкүлдөрү уюштурууда. “Парламент Башмыйзамга кайчы келе турган мыйзам долбоорлорун кабыл алып, Кыргызстан ратификациялаган Адам укугу боюнча эл аралык конвенцияга туура келбеген чечимдерди чыгарууда. Бир жыл ичинде эле бейөкмөт уюмдарын, маалымат каражаттарын ооздуктоо, Шайлоо жана Салык кодекстерин жаңылоо аракети менен өлкөдө тоталдык көзөмөл орногону калды” - дешет форум уюштуруучулары. Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышындагы мыйзамчылардын ишмердигин баалоого алган форум, эртең, 13-мартта Бишкектеги Тарых музейинде өтөт. (EK)

XS
SM
MD
LG