Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Каражаттын жоктугунан Чүйдөгү үч медресе ишин токтотту


Бул туурасында бүгүн Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын мечит жана медиреселер бөлүмүнүн башчысы Рахматулло Эгембердиев «Азаттыкка» маалымат берди. Анын айтымына караганда Чүй аймагында каражаттын жоктугунан үч медресе жабылды. Эми анда билим алгандар башка медреселерге которулат. Бирок кечээ облустук администрациянын маалымат кызматы Чүй аймагынан 21 медресе талапка жооп бербегендиктен убактылуу ишин токтотту деген маалымат тараткан. Бүгүн болсо Мусулмандар башкармалыгы аймакта буга чейин 21 эмес, 13 медресе болгон жана алардын 10 ишин улантып жатат деп тактоо киргизди. (JJ)

XS
SM
MD
LG