Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

НАТО Ооганстандагы аскер санын көбөйтүүгө куштар


НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Ооганстанда эл аралык аскер топторун чыңдоо керектигин билдирди. Кабулда иш сапары менен жүргөн Схеффер Ооганстанда ушул жылы августта өтө турган президенттик шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бул өлкөгө кошумча 4 батальон, башкача айтканда төрт миңге жакын жоокер жиберүү зарылдыгын белгиледи. Схеффер Ооганстанга 42 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган делегацияны баштап келди. 3-4-апрел күндөрү НАТОнун саммити өтөт, анда башкы темалардын бири – Ооганстандагы коопсуздук маселеси болмокчу.

XS
SM
MD
LG