Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары Бишкекте


Алар Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү, Ички иштер министрлиги, Жогорку Соттун төрайымынын кабыл алуусунда болуп, 2008-жыл 1-октябрдагы Ноокат окуясын кайрадан тергөөгө жиберүүнү өтүнүшкөн. Ноокаттан келген 17 кишини бүгүн Социал-демократиялык фракциянын депутаттары да кабыл алып, алардын арыз-муңун угушту. Аларды кечке жуук парламент төрагасы Айтибай Тагаевдин кабыл алышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Ноокат окуясы боюнча 32 адам айыпталып, алар 10-20 жылга чейин кесилишкен. Бул иш боюнча райондук, облустук соттор чечимин чыгарган. Ал эми Жогорку Соттун кароосуна иш келип түшө элек. Жогорку Сотко ал келип түшкөндөн кийин эки айдын аралыгында каралыш керек.(AiT)

XS
SM
MD
LG