ЭрК партиясынын саясий кеңеши 23-июлда болуучу президенттик шайлоого Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштады. Мындай чечим саясий кеңештин кечеги (31-марттагы) отурумунда кабыл алынды, деп билдирди “Азаттыкка” Турсунбай Бакир уулу. Анын айтымында, бул сунуш ЭрКтин 3-майда өтүүчү курултайында каралат. Буга чейин Турсунбай Бакир уулу үч жолу президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, Жогорку Кеңеште депутат, Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы болгон. Президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 18-майда аяктайт. (AJ)