Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

«Ата Мекендин" Базар-Коргондогу өкүлдөрү эскертүү алышты


Райондук прокуратура аталган партиянын аймактагы төрт мүчөсүн мыйзамсыз аракеттер тез арада токтотулбаса, Административдик кодекстин 392 -беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертти. Прокуратура райондун Жараке айлында 27-мартта болгон митинг уруксатсыз өткөндүгүн белгилейт. Митингди клубда өткөрүүгө айыл өкмөтү менен оозеки макулдашуу болгонуна карабай, уюштуруучулар аны Б.Осмонов атындагы мектептин короосунда өткөргөн. Натыйжада “Жарандардын куралсыз, тынчтык жолу менен митинг жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамдын талаптары бузулган, деп көрсөтүлөт эскертүүдө. Партиянын аймактагы өкүлдөрү бийлик кемчилигин сындоо үчүн ар бир адам өз ой-пикирин каалаган жерде айтууга акылуу экендигин жана митинг болгон башка аймактарда да мыйзам бузуулар болбогонун, соңку айларда адам укугун чектөө күчөп баратканын белгилешти.(YA)

XS
SM
MD
LG