Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Гордон Браун Ооганстан менен Пакистанда болду


Британиянын премьер-министри Гордон Браун Ооганстан менен Пакистандын лидерлерин террорчулукка каршы күрөшүү стратегиясы менен тааныштырды.Ал буга байланыштуу Пакистандын лидерлери менен жолугушуп, экстремизм жана террорчулук маселесин талкуулады. Гордон Браун Пакистандын президенти Али Зардари менен Исламабадда жолугуп, Пакистан менен Ооганстанда террорчулукка каршү күрөшүүнүн жаңы баскычы башталганын жарыялады. Буга чейин британ премьер-министри Ооганстанда болуп, согушчандарды жок кылуунун жаңы стратегиясы тууралуу айткан. Ооганстандагы чет элдик куралдуу күчтөрдүн саны боюнча Британия АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. Учурда НАТОнун алкагында 8 300 британ аскерлери Ооганстанда кызмат өтөшүүдө.

XS
SM
MD
LG