Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

УТРКда кайрадан чатак: Эшимканов кетсин!


УТРК айрым кызматкерлери Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Бүгүн алар маалымат жыйынын өткөрүшүп, аттестация жыйынтыгына нааразылык билдиришти. «Кыргызсериал» студиясынын мурунку редактору Жеңишкүл Өзүбекова “Мелис Эшимканов УТРК жыйынында “эгер нааразылык билдиргендер 300 адамдын колун топтой алса, өз ыктыяры менен кетем” деген” - деп, мынча адамдын колдоосу бар экендигин билдирди. Анын айтымында аттестациядан өтпөй калган 300 адам президент К.Бакиевге кайрылуу катын жолдоп, кечээ өлкө башчысынын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов жана мамкатчы Нур уулу Досбол Мелис Эшимканов менен бирдикте бул маселе тууралуу жыйын курушканын маалымдады. Ушул эле күнү УТРК кызматкерлеринин дагы бир бөлүгү М.Эшимкановдун реформаларын колдогон 546 адамдын колу бар экендигин билдиришти. (EK)

XS
SM
MD
LG