Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Эмгек кодексине кирген өзгөрүүдөн Нарын облусунун бюджети 147 млн сомго кемийт


Кыргыз Республикасынын «Эмгек кодексинин» 363-365-беренелериндеги «эмгек акыга» деген сөздөр «кызматтык маяналарга» деп алмаштырылып, өзгөртүлүүсүнөн улам Нарын облусунун бюджеттик кызматкерлеринин маяналары быйылкы жылда 147 миллион 800 мищ сомго кыскарышы болжолдонууда. Мындай маалымат Нарын облустук акимчиликтен алынды. Маселен Нарын облустук акимчиликте эмгектенген 86 кызматкердин жалыйналары апрель айында 90 миң сомго кыскарган. Ал эми мугалимдердин, дарыгерлердин эмгек акылары айына орточо 1200 сомго азаймакчы. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2009-жылдын 19-февралында кабыл алынып, ал мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 2009-жылдын 30-мартында кол койгон. (KUs)

XS
SM
MD
LG