Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Обаманын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу тилегинин тиреги барбы?


Барак Обама менен Палестин администрациясынын президенти Махмуд Аббас
Барак Обама менен Палестин администрациясынын президенти Махмуд Аббас

Барак Обама Жакынкы Чыгыш жана Европа боюнча сапарга чыгып, 3-6-июнда Сауд Арабстан, Египетте болот. Эр-Риядда Сауд Арабстандын королу Абдуллах менен Жакынкы Чыгышта кырдаалды жайгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 3-июнда Обама Каирде дүйнөдөгү мусулман журтуна кайрылып сөз сүйлөйт.

Президент Барак Обама Жакынкы Чыгыш боюнча сапарга аттанардын алдында 28-майда Вашингтондо Палестиндин президенти Махмуд Аббас менен жолугушуп, Палестин-Израил чатагын жөнгө салуу маселесин талкуулады.

Барак Обаманын Ак үйдөгү жолугушуу учурунда билдиргенине караганда, Жакынкы Чыгышта тынчтыкты көздөй кадам шилтөө үчүн Израиль Иордандын Батыш жээгинде конуштарды курууну токтотуусу керек. Палестин тарап болсо өз кезегинде Израилдин коопсуздугуна Батыш жээктеги коопсуздукту камсыз кылуу аркылуу салым кошуусу абзел:

-Жол картасына ылайык (тынчтык үчүн) ар бир тараптын өз милдеттенмеси бар. Израиль тараптын милдеттенмелери конуштарды токтотууну, турмушка жарамдуу палестин мамлекети болгудай шарт түзүүнү камтыйт. Ал эми палестин тарап Батыш жээкте коопсуздук чараларын көрүүнү улантуусу өтө маанилүү жана зарыл.

Барак Обама палестин лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн күнү эле Израиль АКШнын Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарынын курулушун жана кеңейүүсүн токтотуу чакырыгын четке каккан эле. Махмуд Аббас баштаган палестин жетекчилиги конуштардын курулушу жүрүп жаткан шартта, Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруунун мүмкүн эмес деп эсептейт.

АКШ президентинин Жакынкы Чыгышта кармашуу-касташуунун ордуна ынтымак орнотуу тилеги, иш-аракеттери канткенде үзүрүн берет? Дүйнөдөгү мусулман дүйнөсүнө карата АКШнын жүргүзүп жаткан саясатындагы оош-кыйыштар, оң-терс көрүнүштөр жөнүндө биздин баарлашууга катышып, ой-пикир бөлүшүңүздөр.


XS
SM
MD
LG