Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Иран президенти атаандаштарын "гитлерчилер" деп атады


Көк түс -- реформист Мусавини колдогондордун саясий эн белгиси.
Көк түс -- реформист Мусавини колдогондордун саясий эн белгиси.

Бүгүн - Иранда шайлоо алдындагы тыным күн. Кечээ түн ортосунан тартып бардык саясий үгүт-үйүт иштери токтоду. Президент Махмуд Ахмединежад өз кампаниясын телекайрылуу менен аяктап, атаандаштарын "гитлерчилер" деп атады. Өз кезегинде анын конкуренттери президенттин жалганчылыгын ашкерелешкен эле.

Ахмединежад төрт жыл мурда бийликке келери менен мамлекеттик бюджетти тескеген министрликти жапкан, муну менен бүткүл финансы чөйрөсүн өз контролдугуна алган. Өкмөткө көбүнчө тажрыйбасыз адамдарды алып келген. Мындан тышкары мунай сатыгынан түшкөн кирешени бардык ирандыктарга тең бөлүштүргөнгө убада берген.

Бирок өлкөдө жумушсуздар саны 17 процентке жетти,инфляция асмандап кетти.Мунай сатыгынан түшкөн 270 миллиард доллардан ашуун кирешенин көбү элге эмес,мамлекеттик чыгымдарга кетти. Өлкөдө "соопкерчилик экономикасы" (президенттин атаандаштары тапкан термин) түзүлдү.

Азыркы президенттин ушул жана башка кемчиликтерин эске салып, анын үч атаандашы тең – реформист,экс-премьер Хоссейн Мусави, парламенттин мурдагы спикери Мехди Карруби жана ислам революциясынын сакчылар Корпусунун мурдагы командачысы Мохсен Резаи – соңку беш жылда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү кыйла төмөндөп кеткенин ырасмий фактыларга, Борбордук банктын маалыматтарына негизденип шайлоочуларга көрсөтүп беришкен эле.

Экономикадагы жагдай өкмөттүн эң талылуу жери экенин Ахмединежад өзү да жакшы билет. Ошондуктан ал атаандаштарына өнөгүн алдырбас үчүн үгүт кампаниясынын акыркы күнү аларды "Израил менен жең ичинен бүтүм түзүп алышып, "гитлерчилердин ыкмасын" колдонушканы" үчүн айыптады.

"Ыпылас калпты ага ишенгиче кайталап айта бермей адат Гитлердин ыкмасын билдирет,- деп айтты ал өзүнүн телекайрылуусунда. - Экономикадагы абалды бурмалап көрсөткөнгө жан үрөшүп,алар президентке жана өкмөткө жалаа жаап, кылапат кылышты. Буга эч кимдин укугу жок. Мындай жосун кылмыш болуп саналат жана жазаланышы керек. Мындайга бир гана жаза бар,ал - түрмө".

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Ахмединежад өзү да башкы атаандашы Хоссейн Мусавинин колдоочуларын,алардын ичинде экс-президент Хошеми Рафсанжанини бир нече курдай "коррупционерлер" деп атаган эле. Рафсанжани өз кезегинде Ахмединежадды сотко берерин билдирди.

Экономикалык жагдай эртеңки шайлоодо чечүүчү фактор болуп калышы мүмкүн.Төрт жыл мурда Ахмединежадга чоң колдоо көрсөткөн калктын катмарында, айрыкча айылдыктарда маанай азыр таптакыр башкача дешет.

Мындан тышкары аялдардын, жаштардын көбү эркиндик укуктары үчүн добуш бериши ыктымал. "Мен үчүн,арийне,эркектер менен аялдардын тең бирдей укукта болушу өтө маанилүү, ошондой эле сөз эркиндиги да абдан маанилүү",-деп билдирди реформист Мусавини колдогон тегерандык келиндердин бири.

Иран мыйзамдарында шайлоодо 50 проценттен ашык добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эч ким мындай көрсөткүчкө жете албаса,шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG