Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Кара май кайрадан кымбаттай баштады


Дүйнөлүк базарда кара май кайрадан кымбаттай баштады. Былтыр июлда мунай баасы рекорддук чекке чыгып, бир баррели 147 долларга бааланган эле. Кайра декабрда дүйнөлүк экономикадагы кризистен улам 33 долларга түшүп калган. Андан бери баа акырындык менен эки эседен ашуунга көтөрүлүп, ушул күндөрү бир баррель мунай 71 долларга сатылууда. Азыркы кымбаттого кайсыл факторлордун таасири тийүүдө?

Адистердин болжолунда мунайга карата глобалдык суроо-тарап быйыл деле былтыркыдан аз болору күтүлүүдө. Дүйнөлүк экономика каржы кризисин коштогон рецессиянын орто ченинде турат. Андыктан аналитиктердин айтымында, мындай шартта мунай баасынын акырындык менен кымбаттоосуна түрткү берген негизги күч – үмүт фактору, жамандыктын баары артта калды, эми экономика жандана баштайбы деген үмүт. Ослодогу Нордеа банктын мунай боюнча аналитиги Тина Солтведт мындай дейт:

-Азыркы экономикалык крзистин түбүн жакын арада, жок дегенде ушул жай ичи көрө баштайбыз деген оптимисттик маанай өсүүдө. Биз дүйнөлүк экономика акырындык менен быйыл күздөн же кыштан тарта жандана баштаарына үмүттөнгөндүктөн, базар да мунай менен энергияга карата муктаждык акырындык менен өсөрүн күтүүдө.

Баанын өсүшүнө таасир берген факторлор катары дагы эмнелерди атоого болот?

Өкмөттөр экономиканы рецессияны алып чыгуу үчүн бюджеттен сарпталган чыгымдарын кыйла көбөйткөнү белгилүү. Алар иштей баштаса, өз кезегинде инфляциянын деңгээлин жогорулатуусу мүмкүн. Инвесторлор болсо мындай шартта, адатта акчасынын көбүн инфляцияга туруштук бере алуучу товарларга салышат. Мунай - мына ошондой товарлардын бири.

Баанын арзандоосун токтотуу үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн ОПЕК уюму былтыр өндүрүштүк көлөмүн азайтып, күнүнө 4,2 миллион баррель деп калтырган. Кампаларда пайдаланууну күтүп жаткан кара майдын кору азыр деле көп деп эсептелингени менен ушул аптадагы маалыматтар мунайды эң көп керектеген өлкө -АКШда ал кор азая баштаганын көргөздү. Буларга кошумча Ослодогу Нордеа банктын аналитиги Тина Солтведт белгилегендей, соңку апталарда мунай баасы байланган доллардын башка дүйнөлүк валюталарга карата курсу төмөндөөдө.

-Акыркы апталарда биз доллардын алсыздануусу менен мунай баасынын ортосундагы байланыш күчтүү экенин көрүүдөбүз. Ушундай эле байланыш 2007-жылдын экинчи жарымы менен 2008-жылдын биринчи жарымында орун алган. Мунайдын баасы доллар менен белгиленгендиктен , анын куну кете баштаганда, көптөр мунайды алсызданнып бара жаткан доллардан коргонуу үчүн пайдаланышат. Демек каражаттар акча базарынан мунай базарына которулду.

Эгер ушундай жараян улана берсе, мунай баасы дагы былтыркыдай болуп асмандап кетүүсү ыктымалбы? Айрымдар мындай болушу мүмкүн, бирок бүгүн –эртең эмес деп эсептешет.

Себеби баанын былтыр жыл соңунда кескин арзандоосу, мунай бургулоо боюнча көптөгөн, өзгөчө өздөштүрүү кымбат турган долбоорлордун токтотулуусуна алып барган эле.

Андыктан дүйнөнүн мунай өндүрүү жөндөмүндөгү өзгөрүүлөр алдыдагы бир нече жылда гана орун алуусу мүмкүн. Норвегиялык талдоочу Тина Солтведттин айтымында, келечектеги баа суроо –талапты канчалык канааттандыра аларына көз каранды:

-Эгер азыр инвестицияны кыскарткан болсоңуз, 2012-жылга чейин мунай өндүрүштүн көлөмүнө таасир көргөзө албайбыз. 2012-жылы болсо биз дүйнөлүк экономика кадимки деңгээлине кайтат деп күтүп жатабыз. Экономика нормалдуу өскөн шартта ал мунай менен энергияга көбүрөөк муктаж болот. Кокус 2012 –жылы мунайга болгон суроо –талап менен катар өндүрүш көбөйбөсө, тең салмактуулук бузулуп, мунай баасы өсүүсү, балким 2008 –жылдын июлундагыдай жогорку деңгээлге чыгуусу мүмкүн.


Айрым эксперттердин айтымында, мунай баасынын тез кымбаттап кетүү тобокелчилиги жакынкы келечекте да бар. Бирок ошол эле кезекте баанын өсүүсү дүйнөлүк экономиканын абалы боюнча өтө оптимисттик божолмолдор негизсиз деп табылса, кайра туураланып калат. Британиядагы BNP Paribas компаниясынын аналитиги Гарри Чиллингарян:

-Эгер артка кылчайып, 2007-жылды карасак, баа 60 доллардан өткөн кезде дүйнөлүк экономика 5%га өсүп жаткан. Көптөгөн божомолдор, анын ичинде биздин божомол боюнча дүйнөлүк экономика быйыл 1,5 -2 пайызга төмөндөйт. Эгер ушул эки фактыны бирге карасак, азыркы баа узак убакытка барбайт. Базарга кампаларда сакталган мунайдын бир бөлүгү да келери анык. Экономикалык активдүүлүк абдан эле начар экенин эске алганда, мунай баасы өзгөрөрүн жакын арада эле көрүүгө болот.

Лондондогу BNP Paribas компаниясынын аналитиги Гари Чиллингарян кошумчалагандай, анын болжолунда кара майдын баасы алдыдагы бир эки айда 50 доллардын тегерегине түшөт, бирок кайра жыл соңунда АКШ экономикасынын жанданусу менен бирге 65-70 долларга чыгуусу күтүлөт.

Эл аралык энергия агенттигинин шаршембидеги билдирүүсүнө караганда, мунайга карата дүйнөлүк суроо - талаптын жылдык төмөндөөсү, быйыл алар мурда болжолдогон 2,9 пайыздан азыраак болору күтүлүүдө. Бул маалымат да глобалдык экономика рецессиядан кутуларынын кичинекей белгиси катары каралып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG