Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:33

Иран жетекчилиги добуштарды кайра санатууда


Ирандын Көзөмөл кеңешинин чечими боюнча, президенттик шайлоодогу добуштар кайра саналууда. Добуштардын 10 проценти кайра саналары маалымдалды. Кеңеш 13-июнда президент Ахмединежадды жеңди деп жарыялагандан тарта шайлоо адилет өтпөдү жана добуштар бурмаланды деген оппозициянын тарапкерлери жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышып, нааразылык акциялары өткөрүшүүдө.

Өкмөттүк “ал-Алам” телеканалы добуштар Тегерандын 22 районунда жана провинцияларда кайра саналарын, жыйынтыгы 24 сааттын ичинде жарыяланарын маалымдады. Конституцияны көзөмөлдөө кеңешинин чечимине ылайык, бардык добуштардын 10 проценти кайра саналып чыгууга тийиш.

Реформачыл талапкерлер Мир Хусейн Мусави менен Мехди Каруби добуштарды кайра саноого өз өкүлдөрүн жөнөтпөгөнү айтылууда.

Көзөмөлдөө кеңеши 13-июнда Ахмединежадды жеңди деп жарыялап, Ирандын руханий көсөмү аятолла Хаменейи шайлоону “Ислам ынкылабынын эң чоң ийгилиги” деп атаган. Ошондон тарта Тегеранда жана башка шаарларда шайлоонун жыйынтыгына ынанбаган адамдардын жана Мусавинин тарапкерлеринин нааразылык акциялары башталган.

Ирандын коопсуздук күчтөрү элди чогултпай, активдүүлөрүн камап, үй-бүлөлөрүн опуза кыла баштагандан кийин көчө жүрүштөрү басаңдай баштаган. Ага карабай, 28-июнда Тегерандын түндүк бөлүгүндө добуштарыбыз уурдалды деген шайлоочулар менен Мусавинин миңдеген талапкерлери демонстрацияга чыкканы кабарланды. Алар “Мусави, узак жаша! Каруби, узак жаша!” деп кыйкырышты. Маалымат агенттиктерине жөнөтүлгөн видеотасмадан калың элге кайрылып жаткан Мусавини да көрүүгө болот. Анын эмне айтып жатканы жакшы угулбайт.

Мусави камалыптыр же үй камагынды отурат экен деген күбүр-шыбырды бейтарап булактар тастыкташа элек.

Ирандан четэлдик журналисттерди айдып чыгып, жергиликтүү медианы катуу көзөмөлгө алгандыктан, шайлоодон кийинки кырдаалды жайында чагылдыруу мүмкүн болбой калды. Бирок, ирандыктар Интернет же уюлдук телефон аркылуу өлкө тышына маалыматты, үндөрдү жана видеолорду жөнөтүүнү улантышууда.

Нааразылык акциялары басаңдап калгандан кийин өз добуштарын коргоо үчүн тынч демонстрацияга чыккан адамдарды уруп-сабап таркатууларды сындаган саясатчылар менен диниятчылар көбөйүүдө.

Ирандын экс-президенти Акбар Хашеми Рафсанжани
Акыркы 15 күндө үн чыгарбаган экс-президент Рафсанжани дүйшөмбү күнү добуштарды кайра саноону колдоп, аятолла Хаменейиге кат жолдоду. Катта ал Көзөмөл кеңешинин чечими “элдин шайлоого болгон ишенимин калбына кетирүү үчүн маанилүү экени белгиленип, кеңешти талапкерлер менен адилет кызматташып, алардын дооматтарын кылдат карап чыгууга чакырат. Рафсанжани өтө таасирлүү Зарылчылык кеңешинин жана Эксперттер жыйынынын төрагасы.

Дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хасан Кашкави Британ элчилигинин камакка алынган 9 кызматкеринин бешөөсү бошотулганын билдирди. Калган төртөө, Кашкавинин сөзүнчө, сурак берүүдө. Британ дипломаттарын Иран өкмөтү 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин Тегеранда башталган көчө толкундоолорун уюштурууга катышты деп айыптоодо. Британ айыптоону негизсиз деп четке каккан.

Тасмада: Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет

Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Иранда нааразылык билдирип чыккан элге бийлик тарабынан күч колдонушун айыптап, 27-июнда Бишкектеги Иран элчилигинин имаратынын жанында нааразылык иш-чара өткөрдү.

Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG