Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Ысык-Көл райондук милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Башкы прокуратуранын маалымдоосуна караганда, Кылмыш кодексинин 311 беренеси боюнча “пара берип, сатып алуу” жана 313 беренеси караштырган “коркутуп пара алуу” боюнча кылмыш иши Ысык-Көл райондук милиция кызматкерлери тарабынан коркутуп акча алуу фактысы боюнча козголду. Башкы прокуратурага жазган арызында Р.А. райондук милиция кызматкерлери К.М. жана С.Т. анын автоунаасына баңгизатын салып коюп, кылмыш ишин ачпоо үчүн 30 миң сом сураганын билдирген. Р.А. милиционерлерге 10 миң сом берип, андан кийин Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.(AiT)

XS
SM
MD
LG