Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Иран өзөктүк программасы боюнча билдирүү жасады


Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү сентябрга чейин баштоо тууралуу Вашингтондун чакырыгын четке какты. Ирандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, Тегеран сүйлөшүүлөрдү баштоого каршы эмес, бирок эч бир өлкөгө акыркы мөөнөттү белгилөөгө жол бербей турганы айтылат. 9-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон эгерде Иран сентябрга чейин сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болбосо, АКШ өзүнүн саясатын карап чыгарын, Ирандын өзөктүк программасына каршы катаал чараларды колдонорун айткан.

XS
SM
MD
LG