Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Үрүмчү тынчый элек


Үрүмчү -- Шаарга улам жаңы аскер күчтөрү келүүдө.
Үрүмчү -- Шаарга улам жаңы аскер күчтөрү келүүдө.

Үрүмчүнү бу күндөрү кытай аскерлери күндүр-түндүр күзөткө алууда. Бирок кырдаал жайына келе элек.

Жекшемби күнү жергиликтүү ханзулар соода борборунун имараты алдына жыйналып, митинг өткөргөнгө аракет кылышты.Буга эмне себеп болгону белгисиз.

"Уйгурлардан жоон топ киши имаратка кирип, тополоң салганга аракет кылышты",-деп билдирди жыйынга чыккандардын бири Reutersтин кабарчысына телефон аркылуу.

"Алар бизди ийне менен сайып кетишпедиби",- деп безилдеди бир аял.

Муну дагы бир ханзу бышыктап, иштин баарын өз көзү менен көргөнүн кошумчалады. "Эки-үч киши кармалды, баары уйгур экен",-деп айтты ал.

Улам чогулуп, аянтка кылкылдап толуп бараткан элди полиция кууп таркатты. Кара тополоңго катышып,андан качып чыккан аялдардын бири "полиция беш ирет газ атканын, көп киши жабыркап, бирөөнүн кулагынан кан агып кеткенин", өзү болсо "тамагы ооруп, көзү ачышып жатканын" кабарлады.

Бийликтер эсебинде июлдан бери ийне жаратына даттанып кайрылгандар саны жарым миңден ашты. Мындан тышкары уйгурлар ханзуларга күйгүзмө суюк зат чачып, атүгүл СПИД жуктуруп жатышыптыр деген каңшаарлар азыр калаага жайылып кетти.

Жергиликтүү аскерий дарыгерлердин бири атайын өткөрүлгөн маалымат жыйынында мындай имиштердин бири да ырастала электигин маалымдады. "Бери эле дегенде биздин көзөмөлдө тургандардын баары куландан соо. Алардын айрымдарында денесине бөрү жатыштай бирдеме бөртүп, кызарган жерлери болбосо баарынын ден соолугу жакшы",-деп белгиледи дарыгер.

Үрүмчүдөгү тополоңдорго байланыштуу кытай маалымат каражаттарында негизинен ханзулардын гана азар-жабыры сөз болот, ал эми уйгурлар жайында дээрлик эчтеме айтылбайт. Болжолдуу санактарда июлдагы улут аралык аразда 200дөй киши набыт кетти,алардын көбү ханзулар делинет.Мындан үч жыл мурда Шинжандын дагы бир шаарында – Ининдеги ушундай эле жаңжалда да эки жүз адам курман болгону маалымдалган.

Үрүмчүнү азыр аскер бөлүктөрү күзөтүп жатат.Компартиянын шаардык комитетинин жетекчиси менен полициянын башчысы кызматтан алынды. Жакындагы митингдердин биринде ханзулар алардын коопсуздугун камсыз кыла албай жатканы үчүн шаардык бийлик башчыларын жумуштан алууну талап кылышкан эле.

XS
SM
MD
LG