Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Депутатка кол көтөргөн милиция кызматкерлери боюнча кылмыш иши жок


Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин журналисттерге маалымдаганы боюнча 23-июлда Балыкчыда ЖК депутаты Кубанычбек Кадыровго милиция кызматкерлери кол көтөргөнү боюнча эч кимден арыз келип түшкөн эмес. Ошондуктан, буга байланыштуу кылмыш иши да козголгон жок дейт Башкы прокурор.

23-июль күнү Балыкчы шаардык мэриясына келген жеринен СДПнын депутаты Кубанычбек Кадыровду милиция сабап, камакка алганы кабарланган.Депутат ИИБнө өзүнүн кесиптеши Мирбек Асанакуновдун жана шайлоодогу мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдиргени үчүн камакка алынышкан шайлоочуларынын абалы менен таанышуу үчүн барганын белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG