Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

Самоадагы цунами курмандыктарынын саны сексенден ашты


Тынч океандын түштүгүндө жайгашкан Самоа аралдары цунамиге мухиттин түбүндө болгон катуу жер титирөнүн артынан кабылды. Андан аралдагы өз алдынча Самоа мамлекетинде 63 тургун каза тапканы ырасталды. Ал эми АКШнын аймагы – Америкалык Самоада кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Кабарларга караганда, суунун эбегейсиз ири толкуну бир топ кыштактарды толугу менен талкалаган. Ондогон адамдар дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө, жүздөгөндөрү жаракат алды. АКШ президенти Барак Обама Америкалык Самоаны “олуттуу кырсык” баскан аймак деп жарыялады. Мындай чечим жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймакка федералдык казынадан жардам көргөзүүгө жол ачат.

XS
SM
MD
LG