Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

IMF мурдакы эсебин оңдоду


Малайзиялык инвестор баалуу кагаздардын индексин кунт коюп кароодо. Куала Лумпур.17-сентябрь 2008-ж.
Малайзиялык инвестор баалуу кагаздардын индексин кунт коюп кароодо. Куала Лумпур.17-сентябрь 2008-ж.

Акыркы эки жылда дүйнөнү солкулдаткан экономикалык криcиз алып келген чыгаша 3, 4 триллион доллар болушу мүмкүн.

Бул Эл аралык валюта корунун, кыскача IMF, апрелдеги эсептөөсүнө караганда 15 процентке же 600 миллиард долларга аз.

... банктар жана башка финансылык мекемелер кризистен тарткан чыгаша 3, 4 триллион доллар болот.
Хосе Виналс

Экономиканын жакшырышына жана күтүлгөн чыгымдардын азайышына бакубат өлкөлөрдүн чоң өлчөмдөгү
Эларалык валюта кору-IMFтин Вашингтодогу кеңсесиндеги көрнөк.
финансылык колдоолору өбөлгө болгон.

Эларалык валюта кору дүйнөлүк экономиканын абалы жөнүндө жылына эки жолу билдирүү жасайт. IMFтин соңку эсептөөсү боюнча, 2007-2010-жылдары дүйнө өлкөлөрү кайтарылбай калган кредиттерден жана тобокелдүү инвестициядан 3, 4 триллион доллар зыян тартышы этимал. Бул сумма кордун апрелдеги эсебинен 600 миллиард долларга аз.

Абройлуу эл аралык финансылык институт өз баасын баалуу кагаздар рыногунун жандануусу, банктардын акча корунун көбөйүүсү жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн кризистен болжолдонгондон аз чыгым менен чыгуусуна байланыштуу өзгөрткөн. Ага карбай, IMFтин топ-менежерлеринин бири Хосе Виналс абал ишенимдүү бир нукка түштү деп айтуудан алыс:

–Биздин эсептөөбүз боюнча, экономиканын бир нукка түшүүсү менен дүйнө банктары жана башка финансылык мекемелер кризистен тарткан чыгаша 3, 4 триллион доллар болот. Бул Дүйнөлүк финансылык стабилдүүлүк жөнүндөгү акыркы докладда айтылгандан 600 миллиард долларга кем. Чыгашалар баалуу кагаздардын кымбаттоосу менен түшүндүрүлөт. Абалдын жакшырганы менен банктар кыйынчылыктардан биротоло айрыла элек.

Эларалык валюта корунун эсебине караганда, банктар кайтарылары күмөн 1,5 триллион доллар карыздарынын теңин гана мойнуна
АКШнын Lehman Brothers инвестициялык банкынын кудуретсиз жарыяланышы менен Япониянын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгүн чагылдырган Nikkei индекси ылдый карай кетти. 16-сентябрь 2008-ж.
алышкан. Ошон үчүн, келечекте банктардын чыгымы дагы өсөт. Жумушсуздук кыскармайын, банктар алашем карыздарын өндүрө албайт. Келерки бир жарым жылда банктар алчу киреше алардын чыгымдарын жаппайт, деп айтылат кордун докладында.

Чыгыш Европа өлкөлөрү эларалык финансы уюмдары, анын ичинде IMFтин жардамы менен кризистен жеңил чыккан. Келерки жылы КМШ өлкөлөрүнүн банктарынын чыгашасы эки эсе өсүшү ыктымал. Азыр эле казак банктарынын кайтарылбаган чыгымдары 30 процентен ашып кеткен.

Хосе Виналс да Чыгыш Европа өлкөлөрүндө банктардын кайтарылбаган алашем карыздары дагы көбөйөт деп боолголойт:

-Келерки эки жылда өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн корпоративдик рыногу тышкы төлөмдөрдү кайтарууда чоң кыйынчлыктарга учурайт. Береги өлкөлөр үчүн тышкы жана ички төлөмдөрдү ортосундагы баланстын жоктугу, ошондой эле банктар аралык төлөмдөрдөр али да чоң проблема бойдон кала берет.

Эларалык валюта кору кризисттен биротоло айрылганча өкмөттүк чыгымдарды азайта турууну, банктардын акча корун көбөйтүүнү, экономикалык циклдерден сактоочу механизмдерди иштеп чыгууну сунуш кылат.

Ошондой эле, өкмөттүн экономиканы стимулдаштырууга жумшаган эбегейсиз каражаты менчик сектордун жүгүн жеңилдетип, бар оорчулук коомдук секторго түшөт. Ченемсиз финансылык колдоолор улуттук өкмөттөрдүн карызын көбөйтүп, узак мөөнөттүк бонддордун наркын көтөрөт, бул экономикалык өсүүнү артка тартат, деп кооптонот IMF.

XS
SM
MD
LG