Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Ооганстанда туризм жандана баштады


Эми миң жылдык тарыхы бар айкелдердин оорду азыр бош калды
Эми миң жылдык тарыхы бар айкелдердин оорду азыр бош калды

Ооганстанда ондогон жылдар уруш, зордук-зомбулук уланып жатканына карабай, туризмди өнүктүрүүгө аракеттер да акырындап колго алына баштады.

Ооганстандын түндүгүндөгү Бамиан өрөөнүнө мурда чет-элдик туристтер көп барышчу. Баш калаа Кабулдан 225 чакырымдай алыста жайгашкан бул аймакта аскалардын ичин оюп жасатылган бийиктиги 50 метрдей Будданын эки айкели эң эле чоң кызыгууну жаратчу. Бирок талиптер шариатта бутпарастыкка жол жок деп, аларды 2001-жылы бузуп салышкан. Эларалык коомчулук нааразылык билдиргенине карабай, тарыхый баалуулуктарды жок кылуу саясаты токтотулган жок.

Бүгүн эми килейген ал статуяларсыз куну учуп калгандай сезилген Бамианга дале Нигелге окшогон туристтер келип турушат: "Мен Британиядан келгем. Атым – Нигел. Мен 33 жаштамын жана Бамианга алгачкы ирет келип отурам. Мен эки досум менен келгем. Бирөө Америкадан. Бул жер аябай кооз экен. Дүйнөнүн көп эле жерлерди көрдүм, бирок мынчалык сулуулукту көрө элек элем".

Ооган жеринде көздүн жоосун алган дагы бир жер бар. Бул – Бани Амир көлдөрү. Ооганстандын көпчүлүк аймагына мүнөздүү боз талаанын көзү өңдөнгөн терең көлдөр - былтыр ачылган алгачкы Улуттук парктын негизги байлыгы. Бул паркта тоо текеси, Ооганстанда гана табылган чымчыктар бар.

Бамиан бир топ эле коопсуз аймак деп эсептелинет. Бирок өлкөдөгү зордук-зобундун токтобой жатканы, жашоо-тиричиликке керектүү шарттар дурус түзүлбөгөнү бул жакта туризмдин өнүгүшүнө кедерги болуп жатат.

Бамиандагы “Жибек Жолу” мейманканасынын ээси Хироми Ясуи “Азаттыкка”: "Чет-өлкөлүктөр үчүн Ооганстан - баары бир кооптуу аймак. Бамиан өзү тынч эле жер, - деди. - Бирок бул жакка чет-мамлекеттерден учактар түз каттабайт. Баары бир адамдар алгач Кабулга конуп, анан сегиз-тогуз саат машине менен калдыр-шулдур этип, кыйын жолдордон жүрүп келишет. 2007-жылы бизге Жапониядан, Америкадан жана Англиядан туристтердин тобу келишкен. Бирок андан кийин абал начарлап кетти".

Ясуи Ооганстанга 1990-жылдары жапониялык туристтерди баштап келип турчу. Ал чакта Ясуи фото-журналист болуп да иштеп жүрдү. 2002-жылы ал ооган күйөө менен жапониялык инвестордон колдоо алып, Бамиандын борборунан жер сатып алышат да өздөрүнүн мейманканасын салышат. “Жибек Жолу” деп аталган ал мейманкана ишке киргенине эми эле эки жыл болду.

Өткөн кылымдын 60-70-жылдары Ооганстанга Батыштан туристтер көп келишчү.

Бирок акыркы 30 жылдан берки тынымсыз согуш, уруш-талаш агымды солгундатып койду. Ошентсе да, азыр кайра туризм аз-аздан болсо да жандана баштаганы айтылууда.

Бүгүн Бамианга миңдеген оогандык да, ал жакта турган чет-элдик да туристтер каттап турушат. “Ага-Хан” фондусу, мисалы, ал жакта жергиликтүү тургундарды чет-элдик туристтерге жакшы мамиле кылып, аларды күтүп алууну үйрөтөт.

Быйыл болсо Жаңы-Зеландиянын өкмөтү каржылаган Экотуризм программасы иштей баштады. Алар брошюраларды чыгарып, интернетте сайтты иштетишет, жергиликтүү гиддерди даярдашат. Андан сырткары, тургундар өздөрүнүн үйлөрүндө эле туристтерди кабыл алган мейманкана ачып, кичинекей ресторан-кафелерди иштеткенди үйрөтүшөт.

Бирок Бамиан өрөөнүнүн жетекчилигинин айтымында, аймакта туризмдин өнүгүшүнө тарыхый эстеликтерди сактап калуу өзгөчө мааниге ээ.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG