Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Далай-ламаны Обама кабыл албайт


Далай-ламага Лантос сыйлыгы тапшырылды.Маркум конгрессмен Том Лантостун жесири Аннета тибет лидерин сыйлыгы менен куттуктады.
Далай-ламага Лантос сыйлыгы тапшырылды.Маркум конгрессмен Том Лантостун жесири Аннета тибет лидерин сыйлыгы менен куттуктады.

Бу күндөрү Далай-лама АКШда беш күндүк сапарда жүрөт. Президент Барак Обама менен ал эмдиги айда боло турган АКШ-Кытай саммитинен кийин жолуга турган болду. Муну айрым активисттер Вашингтондун адам укуктары принцибин ала-кула көрө баштаганы катары баалашты.

Далай-лама Вашингтондо он сегиз жыл мурда болгон. Бул жолку сапарында ал өкмөт өкүлдөрүнөн болгону мамлекеттик катчынын орунбасары Мария Отеро менен гана жолугат. Президент Барак Обама эмне үчүн тибеттердин лидерин кабыл албай турганын Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс Вашингтондогу маалымат жыйынында эмдиги айга пландалган АКШ-Кытай саммитине байланыштырды.

Гиббстин айтымында, АКШны Тибеттеги калк жана Кытай бирдей өлчөмдө камтама кылат. Тибет лидеринин өкүлдөрү кечээ билдирүү жарыялап, Обама менен Дала-ламанын жолугушуусун быйыл жыл этегинде өткөрүүгө макул болушту. "Кытай менен биздин бекем байланышыбыз тибет элине да пайдалуу болорун алар түшүнөт",-деп айтты Ак үйдүн өкүлү.

Жогорку деңгээлдеги АКШ-Кытай саммити ноябрда Пекинде өтөт. Ага президент Обама өзү барат.

Далай-ламаны француз президенти кабыл алганы үчүн Пекин бийликтери былтыр декабрда Кытай-Евросоюз саммитинен баш тартыр коюшкан эле. Ушул жүйөөнү эске алып, Вашингтондогу Като институтунун эл аралык саясат бөлүмүнүн директору Кристофер Пребле Ак үйдүн чечимин жалпысынан туура көрдү.

Пребле "Кытай менен он жылдардан бери келаткан кылдат кызматташтыкты уланта берүү керек" деп эсептейт.Мунаса табуу оңой болбогону менен саясатчылар такай ушуга умтулуп турганы абзел. Анын үстүнө АКШ менен Кытайдын ортосунда эки тарап тең кызыкдар болгон олуттуу маселелер аз эмес.

Human Rights Watchтун Азия бөлүмүнүн директору Софи Ричардсон Ак үйдүн Далай-ламаны кабыл алгандан тайсалдаганы Пекинди адам укуктарына караганда өз ара соода-сатыкты Вашингтон артык көрөт деген ойго түртөрүнө ишенет. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон эки тараптуу мамилелерге адам укуктарын аралаштыруунун кажети жоктугун кыйла эле ачык кыйытканын мисалга тартып, Ричардсон Вашингтон бул маселени Кытай өкмөтүнүн эсине салганга деле даабайт болуш керек деп бүшүркөйт.

Мындан тышкары 1962-жылдан бери аскерий хунта бийликте турган Мянма –мурдагы Бирма менен да АКШ мамиле түзө баштады. АКШ үчүн Мянма Кытайдай эле маанилүү өлкөбү?

"Менимче, АКШнын бул өлкө менен кызматташканга кызыкдар болушуна негиздүү жүйөөлөр аз,- дейт Кристофер Пребле. – Ачык айтканда,алардан эмне пайда табабыз? Ошол эле учурда мянма бийликтерин кызматташууга тартып, хунтаны кыйла ачык режим кылганга шарт түзүлөт. АКШ лидерлери жана эл аралык коомчулук үчүн иштин ушул өңүтү баалуу көрүнөт". Бирок Пребле мындай ыкманы абайлап колдонуу керектигин да эскертти.

Human Rights Watchтун өкүлү Вашингтондун бул кадамы уюмду абдан иренжиткенин жашырбады. Ричардсондун айтымында, "карым-катнаш" дегенди тетири тейде түшүнүү өнөкөтү жаралып келаткандай. АКШ эч кандай карым-катнаш жасабаган өлкөлөр дүйнөдө аз эле. Обаманын өкмөтү Кытайга, атүгүл Мянмага "курулай үгүт үйрөткүсү келбегенин" Ричардсон түшүнө алат, бирок эски стратегиядан баш тарткан соң анын ордуна жаңы бирдеме сунуш кылуу абзел эмеспи. АКШ болсо адам укуктары маселесинде муну жасай элек.

XS
SM
MD
LG