Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

MGN Group баарын колго алууда


Өкмөт Камбар-Ата 2 ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн анын өзүн күрөөгө коюп, Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алмакчы болууда. Күрөөгө коюлган ГЭС түздөн-түз чет өлкөлүк MGN Group компаниясынын колуна түшөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумамбетов Камбар-Ата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамдын күчүн жоготуу себебин мындай түшүндүрдү:

- Эмне себептен биз аны жокко чыгарууга бердик? Биринчиден, анда биздин башкы мыйзам болгон Граждандык кодекске, андан кийин негизги мыйзам болгон “Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамга каршы келген беренелери болду. Ал эмнеси менен каршы болду? Бул мыйзамда (ГЭСтер жөнүндөгү) жазылып турат, ушул ГЭСтерге байланыштуу акционердик коом Жогорку Кеңештин макулдугу менен бир гана жолу түзүлөт. Кайрадан өзгөртүүгө болбойт деп. Бул жазылган нерсе “Акционердик коом жөнүндөгү” мыйзамга каршы келет.

Эми өкмөт “Камбар-Ата-2” акционердик коомун түзүп, ГЭСти андан ары курууну каржылоо маселесин чечет. Акыркы жылдары өкмөт бул курулушка бюджеттик 87 миллион долларды жумшаган.

“Камбар-Ата-2” ГЭСин каржылоонун бир булагы катары Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу каралууда. Насыя алыш үчүн “Камбар-Ата-2” ГЭСинин өзү күрөөгө коюлуш керек. Анткени насыя алууда өзүнүн шарттары бар экенин Турдумамбетов белгиледи.

Өнүктүрүү фондуна күрөөгө коюлган ГЭС түздөн-түз чет өлкөлүк MGN Group компаниясынын колуна түшөт. Анткени Өнүктүрүү
фондунун бардык активдерин башкаруу MGN Groupтун колуна берилген. MGN Groupтун жетекчилиги учурда Кыргызстандагы бир катар стратегиялык ишканалардын директорлор кенешине кирген. Тактап айтканда “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Ошэлектро”, “Эл аралык “Манас” аба майданы”, “Кыргызтелеком”, "Бишкек машина куруу" заводу жана “Электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кенешине киришкен.

Маселен, MGN Groupтун башчысы, чет өлкөнүн жараны Евгений Гуревич “Электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кеңешине кирген.Анын кандай себептен директорлор кеңешине киргени тууралуу суроого Турдумамбетовдун жообу мындай болду:

- (Электр станциялар акционердик коомунун акциясынын) 12% ээси болгон Социалдык фонд өздөрүнүн башкаруу укугун ошолорго бериптир. Ал биздин өкүл эмес. Ошондуктан мен Гуревичти билбеймин. Аны Соцфонддон сураса болот. Алар конкурс кылып, ошондо тандап алышыптыр деп айтышууда. Мен билбейт экенмин.

Өнүктүрүү фондунун активдерин башкара турган MGN Group Россиядан алынган 300 миллион доллар насыяны да, стратегиялык ишканалардын активдерин да тейлейт. Кыязы, президенттин өкмөт жана чиновниктердин колунан финансы каражатын алып коюу менен коррупцияны кыскартуу стратегиясы мына ушинтип ишке ашырылууда окшойт.

Банк системасында да ушундай көрүнүш. Маселен, эгерде өткөн жылдары бюджеттик жана башка төлөмдөр мамлекеттик Эсеп-сактык компаниясы аркылуу жүргүзүлүп келген болсо, азыр ал төлөмдөр чет өлкөлүктөр кожоюндук кылган “Азияуниверсалбанк” аркылуу жүргүзүлөт. Бул банк менен MGN Group чырмалышып калганы маалым.

Социалдык фонд ири ишканалардагы акцияларын MGN Groupка башкарууга берүү менен кандайдыр тобокелчиликке барышы мүмкүнбү деген суроого Социалдык фонддун өкүлү кийинчерээк жооп берерин билдирди. Ал эми белгилүү саясий ишмер Эсенгул Өмүралиев маселе Соцфонд менен MGN Group жетишкен келишимдин мазмунуна жараша болоорун айтты.Активдерин MGN Group башкара турган Өнүктүрүү фонду аркылуу Камбар-Ата-2 ГЭСин каржылоо туура эместигин Өмүралиев белгиледи:

-Өнүктүрүү фондундагы 300 миллион доллар Кыргызстан Россиядан карызга алган акча. Аны өкмөт башкарып, эч кандай фондуларды аралаштырбай эле түздөн-түз берилиш керек. Ал ГЭСти куруп бүтүрүш керек жана ал мамлекеттин менчигинде калыш керек.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов бул маселелерди коррупция менен
байланыштырды:

- Бул проблемалар коррупция менен байланышкан нерсе болуп атат. Анткени жалаң эле Социалдык фонд эмес, толугу менен мамлекеттин каражаттары ошол “Азиауниверсалбанк”, ошол топ аркылуу жүргүзүлүп атат. Финансынын бүт баары бир колдун ичинде, ошол MGN Group дегендин колунда болуп калды.Бул өтө кайгылуу нерсе болуп жатат. Албетте, мындай көрүнүш эч кандай жакшылык алып келе албайт.

“Азияуниверсалбанктын” жетекчиси Михаил Надель алар өлкөнүн финансы рыногунун 25% ээлеп турганын билдирген.

Азаттыктын видеоархивинен:

Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү.


Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG