Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Пакистандагы жардыруу ондогон кишинин өмүрүн алды


Пешаварда эл кайнаган базарда бомба жарылды. 28-октябрь, 2009-ж.
Пешаварда эл кайнаган базарда бомба жарылды. 28-октябрь, 2009-ж.

Талип согушкерлери бүгүн Кабулда Улуттар уюмунун алты кызматкерин атып өлтүрүп, Пакистанда соода кайнаган жерде бомба жардырып, ал жерде 80ден ашуун киши мерт болду.

Кандуу чабуулдар АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистанга 3 күндүк сапар менен барган маалга туш келди.

Бүгүн таң атпай Кабулдагы менчик мейманканага куралдуу топ кол салып, ал жердеги атышуудан Улуттар уюмунун алты кызматкери жана дагы алты киши жантаслим болду. Ага удаа Пакистандын Пешавар шаарында эл толгон базарда машинеге катылган бомба жардырылып, ал жерде 80ден ашуун киши мерт болду.

Кабулдагы чабуул үчүн жоопкерчиликти Талибан кыймылы өзүнө алып, аны 7-ноябрга белгиленген президенттик шайлоого чагым салуу аракетиндеги алгачкы кадам деп сыпаттады. Улуттар уюму добуш берүүнү уюштурууга жардам көргөзгөн башкы мекеме. Уюмдун Ооганстандагы басма сөз өкүлү Алем Сидики бүгүнкү чабуул алдын-ала даярдалган деген пикирин айтты.

- Улуттар уюмунун кызматкерлери үчүн ылайыктуу деп табылган бул менчик конок үйгө кол салган 3 куралчан кишинин жок дегенде бирөө жанын тобокелге салган жанкечти болуш керек. Алар имаратка кирип барып ок жаадырып кирип, ортодо атышуу башталган.

Азырынча ал жердеги атышуудан жан берген кызматкерлердин бири АКШ жараны болгону маалымдалды. Ал жерге жетип барган кабарчылар имараттын терезелери талкаланып, дубалдарынын ар кайсы жерин ок тешип, олуттуу жарака алганын билдиришти.

Кабулда андан сырткары бүгүн президенттик сарайдын жанындагы чет элдик кымбат мейманканага чукул жерге ракета атылып, ал жердеги 100дөн ашуун адам жертөлөдө бекинүүгө аргасыз болушту. Кабулдук студент Сабир Омар Халил эки чабуулдан улам эл көчөгө чыккандан коркуп калганын айтат. “Шаарда элдин маанайы жаман, чочулап турушат. Бүгүнкү эки окуяны уккан элдин үрөйү учуп калды.”

Кабулдагы бул кандуу чабуулдардан бир нече саат өтпөй Пакистандын Пешавар шаарындагы базарда бомба жарылды. “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысы окуя болгон жерден буларды билдирди.

- Жардыруу эл кымгуут болгон жерде болду. Бул Пешавардагы эл эң көп барган жер. Өлгөндөр, жарадар болгондордун саны абдан эле көп болчудай. Дүкөндөр, машинелер кыйрап, талкаланганын көрдүк. Баарын өрт, түтүн чулгап, өрт өчүргүчтөр менен тез жардам машинелеринин сигналы ызы-чууга кошулду. Полиция бул жерди курчоого алды.

Пешавардагы жардыруу болгон чакта, дал ошол маалда АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен жолугушуусу башталып жаткан. Клинтон айым Вашингтондон жөнөөр алдында АКШ-Пакистан алакаларынын жаңы доору башталаарын жарыялаган. Ал Пешавардагы жардыруу тууралуу уккандан кийин чабуул койгондор алардын көздөгөн максатын пакистандыктардын көбү колдобойт деп корккондуктан ушундай кыянатчыл ишке барууда деп айыптады.

- Ушул чабуулдун артында турган кишилер өз максат-мүдөөсүнө чындап ишенсе, өлкөдөгү саясий турмушка кошулсун. Жашырынбай, Пакистан элине түз басып келип, оюндагысын айтышсын: биз кыздардын мектепке барышын каалабайбыз, аялдар үйдө отурсун, биз силердин көңүлдү өйүгөн бардык суроолорго жооп таба алабыз, бизден башка эч ким билбейт аны деп ачык айтышсын.

Хиллари Клинтон Исламабадга 3 күндүк сапар менен барды. Ага удаа сөз алган Пакистандын тышкы иштер министри Куреши кол салгандар айласы түгөнүп, жарга такалгандан ушундай ишке барышты деп билдирди. “Силер качып баратасыңар, биз аны билебиз. Сват жана Малаканд өрөөнүндө жеңилдиңер. Бейкүнөө адамдардын өмүрүнө кол салып, биздин аскерлерди коркуткуңар келет ко. Андай болбойт”, - деди ачууланган үн менен министр.

Пакистан армиясы соңку бир нече айдан бери Ооганстан менен чектеш аймактарда согушкерлерге каршы кеңири операция жүргүзүп келатат. Пешавар – талип согушкерлери көптөн бери жашыруун жай тапкан чоң шаарлардын бири.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG