Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Каддафи италиялык сулууларга насаат айтты


Ливиянын мамлекет башчысы Муаммар Каддафи италиялык сулуу айымдарга ислам жол-жобосу боюнча насаат айтты.
Италиянын маалымат каражаттары жазганга караганда, Ливиянын мамлекет башчысы Римдеги бир үйгө италиялык 200 чакты жаш аялды чогултуп, аларды мусулманчылыкка үгүттөгөн. Римде БУУнун азык-түлүк самитине келген Каддафи мындай жыйынды агенттик аркылуу жарыя кылган. Анда «500 сулуу, татынакай кийинген бирок кыска көйнөк кийбеген кыздар» керек экени айтылат. Каддафи аларга 60 евродон акча жана ливиялык белек-бечкек убада кылган. Жыйында болгон кээ бир аялдар Каддафинин эки сааттык ислам дарсын (лекциясын) жосунсуз жорук катары кабыл алышканын айтышкан. Башкалар "чоң отуруш болот экен" деп келишкенин, бирок анын ордуна Каддафи аларга Ливия деген кандай өлкө, исламда аялдын орду кандай болушу керектиги тууралуу узун сабак сөз кылып, колдоруна Куран карматканын айтышты.

XS
SM
MD
LG