Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Легендарлуу парламент мүчөсү "Ак Жолдун" парламентин айыптайт


Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов элдин аянычтуу абалын көрүп туруп, ЖКнын 70 жылдык мааракесин майрамдоого катышуудан баш тартканын айтат.

- Бегиш мырза, бүгүн Улуттук филармонияда Жогорку Кеңеш 70 жылдык мааракесин белгилебедиби. Ушул мамлекеттин түптөлүшүнө Жогорку Кеңештин ролу кандай?

- Жогорку Кеңештин ролу өтө чоң. Бизде совет мезгилинде дагы Жогорку Кеңештин ролу анча жогору болгон эмес. Аны КПССтин чиновниктери койчулардан, малчылардан, саанчылардан, аялдардан, жумушчудан, мугалимден деп тизмелеп отуруп, анан өзүнүн тизмесине партиялык чиновниктерден кошуп, каалаганын өз билгениндей элге таңуулап ушуну шайлагыла дээр эле.

Горбачевдун мезгилинде демократиялаштыруу башталып, 90-жылы шайлоо болгон. Ошол шайлоодо альтернативалык түрдө эмгек коллективдери, коомдук уюмдар кандидаттарын көргөзүп, анан демократиялык нуктагы шайлоо өткөн болчу, ошондон легендарлуу парламент келген.

Ошол убакта Москвадагы бийлик мыйзамдуулук сакталсын дегенинен бул жердеги кыргыз чиновниктери Москваны угуп, мыйзамдуулукту сактап, легендарлуу парламенттин иштешине мүмкүнчүлүк берген. Ошол легендарлык парламент чыныгы кыргыз демократиялык мамлекетин, укуктуу мамлекет курабыз деп парламентаризмдин жүзүн көргөзө алган.

- Бегиш мырза, ошол легендарлуу парламентте сиз да депутат болдуңуз эле. Ошол легендарлуу парламент менен азыркы парламенттин айырмасы барбы?

- Өтө чоң. Легендарлуу парламент легитимдүү Конституциянын негизинде шайланып келген, легитимдүү Конституциянын негизинде ишин жүргүзгөн. Ал эми 94-жылы Конституцияны мыйзамсыз жол менен, башкача айтканда Конституцияны Жогорку Кеңеш өзгөртөт деген референдум менен ууруларча элдин башынан айлантып, каалаганын жазып туруп, анан Конституцияны өзгөртүп парламенттин ролун аябай төмөндөткөн Акаевдин мезгилинде.

Ар бир өткөргөн референдуму парламенттин ролун төмөндөтүү, үй-бүлөлүк башкарууну күчөтүү болгон. Ошентип отуруп акыры Акаев “Алга, Кыргызстан” деген партия түзүп, анын ичине кызын, баласын киргизип, үй-бүлөсүн, жакындарын депутат кылган, өз билгенин бербей, каалагандай закон чыгара тургандай кылган.

Анын максаты Кыргызстанды талап-тоноо болгон. Мына ошондой максаттар менен Конституция өзгөргөн. Ал эми революциядан кийин жаңыдан бийликке келген “революционерлер” ошол Акаевдин мыйзамсыз референдумдарынын негизинде өзгөртүлгөн Конституцияны жокко чыгарып, 93-жылдагы мыйзамдуу Конституцияны алып келип туруп иш жүргүзгөндө, мыйзамдуулуктун чегинде парламент шайлаганда 105 кишиден турган жана бир гана округдардан шайлай турган, анда мыйзамдуу парламент келет эле.

Ошол Конституциянын негизинде иштеген парламент гана легитимдүү болот. Ошол Акаевдин “Алга, Кыргызстаны” менен азыркы бийликтин “Ак Жолу” - бул парламентаризмди мазактоо, элди алдоо болуп эсептелет. Булар кыргыз мамлекетине чыккынчылык кылышты.

Мына Үзөңгү-Куушту, Хан-Теңгрини Кытайга кармата салышты, булар ыйык болгон Манастан калган кыргыз жерлерин соодалап атышат. Казакстанга Каркыраны беришти, мыйзамсыз ыйык жерлерибизди сатыкка коюшту.

Азыркы Кыргызстандын Конституциясында Кыргызстандагы табигый ресурстардын баары сатылат деген кайдагы бир уурулардын статьясын киргизди. Мындан тышкары демократияга каршы закондорду кабыл алышты. Мына ары митингге чыккандарды Кыргызстандын куралдуу күчтөрү атышка уруксат бере турган мыйзам чыгарды.

Ал эми кээ бир парламентарийлер азыр өлүм жазасын киргизиш керек деген кайдагы тири-шумдук закондорду киргизебиз деп отурат, жанагы коррупцияга баткан чиновниктердин тапшырмасын аткарып. Булар өз элине, өз мамлекетине каршы мыйзамдарды токуп отургандар.

- Ал эми "акжолчу" депутаттар айтып атпайбы, элди кыдырганда азыркы парламентти колдоп атышат деп. Сиз дагы эл кыдырып жүрөсүз, эл арасында азыркы парламенттин кадыр-баркы кандай?

- Бул парламенттин Акаевдин мезгилиндегидей эле эч кандай кадыры жок. Кадыры жок болгон үчүн митингге чыгып, итке талатып, падышабызды айдабадыкпы. Эми азыркыларын да ошентип, эл баардык жерде митингге чыгабыз десе, чыккандарын газ менен кубалабадыбы, чыккандарын Петровкадагыдай кылып отургузуп атпайбы.

Ушулардын чыгарган мыйзамынын негизинде Каркыра кетип отурбайбы. Бул парламенттин макулдугу менен азыр энергетиканы кымбаттатып, үй-бүлөлүк башкарууну киргизип отурбайбы. Анан кайсы эл буларды жакшы көрөт.

Азыр Кыргызстандын эли парламент дегенге таптакыр ишенбейт, телевизордон да көрбөйт. Мурда парламентти таң аткыча көрчү, 100 пайыз трансляция кылат элек.

- Сизди дагы 70 жылдык мааракеге чакырыштыбы?

- Чакырышты. Тумоолоп калыптырмын. Ойлонуп көрдүм, барсамбы-барбасамбы деп. Анан айттым мен: “Алга, Кыргызстан”, “акжолчулар” менен отуруп алып кандай майрамдайм деп. Кыргызстандын элинин ушул акыбалын көрүп, кандай майрамдашка акыбыз бар.

Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

XS
SM
MD
LG