Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

“Акыйкатчы тууралуу” мыйзам долбоору парламентте каралууда


Кечээ Парламенттеги этика жана регламент комитетинин төрагасы, Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев Акыйкатчынын жылдык отчету канааттандырарлык болбосо, аны орун басарлары менен кошуп, мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунуштады. Анын айтуусунда бул Акыйкатчы орун басарларынын жоопкерчилигин көтөрөт. Ал эми депутат Алишер Мамасалиев орун басарлардын бирин аялдардан коюуну туура көрөт. Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы 5 жылдык мөөнөт менен дайындалат.
“Акыйкатчы тууралуу” мыйзам долбоору жакынкы күндө жалпы отурумга алып чыгылышы күтүлүүдө.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG