Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Бирдиктүү медиамейкиндик кимге керек?


Европа жана Азиядагы массалык маалымат каражаттарынын Москвада өткөн форумунда глобализация доорунда постсоветтик мейкиндиктеги маалымат каражаттарынын азыркы ролу менен багыты талкууланды.

Келечекте бирдиктүү медиамейкиндикти түзүү мүмкүнбү?

Орусиянын форумду уюштурган “РИА Новости” маалымат агенттиги СССР кулагандан берки жылдар ичинде массалык маалымат каражаттары сапаттык кандай өсүштөргө ээ болуп, технологиялык кандай өзгөрүүлөргө жетишкендигин жана келечекте бирдиктүү медиамейкиндикти түзүү үчүн өз ара ишенимди калыптандыруу мүмкүнбү деген маселени аныктоо максатын алдыга койду.
Кыргызстандан барган журналисттер тобу
Мурдагы СССРдин курамындагы 15 республикадан келген журналисттер постсоветтик мейкиндикте бирдиктүү медиамейкиндикти түзүү керек, бирок бири-бирине кыйынсынуу, бири-бирин кемсинтүү мамилеси күч жана ага эгемен мамлекеттердин башында турган саясатчылардын өз ара жеке мамилелеринин салкындыгы өбөлгө түзүп жатат деген пикирге келишип, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды чыныгы журналисттик бейтарап принцип менен чагылдыруу зарыл деген ойлорун ортого салышты.

Бирок маалымат каражаттары өткөн жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда болгон кагылыштай талаш-тартыштуу окуяларды чагылдырууда жоопкерчиликти бири-бирине оодара салган саясатчылардын жүгүн кошо тартышкандыгы катардагы карапайым калкты эле көйгөйгө салаарын баса белгилешти. Грузиядагы “Джордиан таймс” аттуу медиахолдингдин президенти Малхаз Гулашвили:

-Биринчи кезекте согуш массалык маалымат каражаттарынын ортосунда жүрүп жатат. Маселен, август окуясында Грузин эли жапа тартты жана бул согуштан Грузия же Орусия жеңишке жеткен жок,тескерисинче көп нерсени жоготуп, эч нерсеге ээ болгон жок. Бул согуш Кавказ чок ортосунда калган дүйнөлүк геосаясий тымызын согуштун бир көрүнүшү. Тилекке каршы, ушул кармашта ММК массалык жоготууга алып барчу башкы курал болуп калып жатат - деп кесиптештерин маалымат согушуна акыл калчап мамиле жасоого чакырды.

Украиналык журналист жана парламент депутаты Инна Богословская болсо ММК дүйнөдө болуп жаткан процесстерди саясатчылардын кызыкчылыгынын кырынан карабай, ааламда оомат кайсы жакка ооп бара жаткандыгын кылдат байкап, аң-сезимди ошол жакка бурууга мезгил жетти деп баса белгиледи. Анын баамында, долларды дүйнө жүзүндө биринчи акча кылып, улуттук көз караштарды өзүнүн кызыкчылыгына гана багындырып алган батыш цивилизациясынын доору аяктап калды. Ошон үчүн постсоветтик мамлекеттердин ММКлары орус тили аркылуу интеграциясын күчөтүп, дүйнөнү башкача таанууга жол салчу мезгил жетти дейт:

-Кийимдин баары эле жынсы эмес экендигин, сүйүү деген туш келди жыныстык катнаш эмес экендигин адамзат акыры түшүнө баштады. Ошон үчүн азыр биздин алдыбызда бардыгыбызды глобалдык бирдей калыпка салган көз карашты кайрадан талдап чыгып, башка чакырыктарды таануу милдети турат.
Жаңы мезгилге - жаңы көз караш

Постсоветтик медиа мейкиндикте мурдагы жалпы көз карашты азыркы мезгилге жараша жаңыча калыптандыруу керектигин Орусиянын форумда сөз сүйлөгөн президенти Дмитрий Медведев да баса белгиледи:
Азыр биз бири-бирибизди идеологиядан сырткары жакшылап угуп, жакшылап түшүнүп, мамлекеттерде болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтарды туура кабыл алышыбыз керек. Бул биздин алдыбызда турган эң жакшы максаттын бири.
-Медиакоомчулукта туруктуу диалог болуп туруусу зарыл. Албетте, ал тең укукта, идеологиядан тыш негизде болушу керек. Биз ар башкабыз, бирок баарыбыздын тамырыбыз бир. Албетте, тарыхыбыз бир деп какшай берүү да жарабайт, анткени мындан 30-40 жыл мурдагы мамилелерге байлануунун азыр кереги жок. Бирок азыр биз бири-бирибизди идеологиядан сырткары жакшылап угуп, жакшылап түшүнүп, мамлекеттерде болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтарды туура кабыл алышыбыз керек. Бул биздин алдыбызда турган эң жакшы максаттын бири.

Анткен менен форумда мындай мамиленин түзүлбөй жаткандыгына постсоветтик мейкиндикте өзгөчө орунду ээлеп турган Орусиянын массалык маалымат каражаттары тескери түс берип жатат деп да айтылбай койгон жок. Ал тууралуу Тажикстандан келген медиа эксперт Саид Индусов:

-Жалпы маалымат мейкиндиги азыр жок десек болот. Ал эң ириде Орусиянын кызыкчылыгынан улам жок. Анткени Орусиянын өтө көп ММКлары жоопкерчиликти сезген жери жок. Орусиянын ММКлары керек болсо өз мамлекетинин беделине шек келтирген материалдарды жарыялайт. Орусия үчүн өтө маанилүү андай маселелердин бири улуттук маселе. Ага эки мисал,биринчиси – “Орусиядагы ММКлардын улуу игнору белорус тематикасы жөнүндө” деп жазгандары мен сыяктуу тажик эксперти үчүн такыр түшүнүксүз.Экинчиси тажиктерге каршы сезимди күчөткөн материалдардын көптүгү таң калтырат. Бул жерде ММКлар жана аларда иштеген адамдардын ортосундагы өз ара ишенимдин формуласын табуу зарыл деп айтылып жатат. Менимче, ишеним формуласын табуу үчүн адамдар, адамдар гана эмес элдер бири-бирин жакшы билүүсү зарыл. Орусиялык ММКлар башка элдер, анын ичинде тажиктер тууралуу эч нерсе билбейт деген ойдомун, –деп белгиледи.

Форумдун катышуучулары бирдиктүү жана өз ара жоопкерчиликтүү маалымат мейкиндигин түзүү зарыл деген жыйынтыкка келген менен аны ишке ашырууга саясаттан башка дагы көп тоскоолдуктар болорун моюнга алышты.

Армяндардын “Ноев ковчег” аттуу гезитинин башкы редактору Григорий Анисоняндын айтымында анын бири азыркы саясат:

-Жалпы медиамейкиндикти түзүү зарыл, бирок аны азыркы мамилелердин негизинде түзүү мүмкүн эмес. Бирок көз карандысыз маалымат каражаттары бири-бири менен түздөн-түз байланыш түзсө, өз жемишин берет. Албетте, бул форумду уюштуруучулар постсоветтик мезгилде көз карандысыз мамлекеттердин ММКлары эмнеге жетишкендигин аныктап,бир мейкиндикке салуу максатын көздөп жатат.Андан кийин менимче, Орусия парламенттин спикериндей массмедиа мейкиндиктеги спикерликти колуна алууну каалап жатат көрүнөт. Бирок медиапарламенттеги өкүлдөр тең укукта болушу башкы шарт деп турат.


Басма сөз эркиндиги жана жоопкерчилиги

Форумда ММКлар менен анда иштеген журналисттердин башкы көйгөйү болгон басма сөз эркиндиги жана ММКлардын жоопкерчилиги талкууланбай койгон жок. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Өзбекстандык журналисттин Орусияда сөз жана басма сөз эркиндигинин деңгээлине кызыккан суроосуна төмөнкүчө жооп узатып, сөз эркиндиги журналисттердин өз колунда деп билдирди:

-Бул суроону мага сиз берип жаткандан кийин Өзбекстанда сөз эркиндиги жакшы деген ойдомун. Демек өзбектердеги көрүнүш бизди көп толкундатпайт көрүнөт. Биздин өлкөдөгү басма сөз эркиндиги да өз калыбында, ага мына сиз менен сүйлөшүп турганым деле айкын күбө. Мен бул маселе тууралуу көп ойлоном. Жакында эле АКШдагы визитим учурунда бул маселени көпкө талкууладык. Алар сиздин өлкөдө сөз эркиндиги төмөндөп кетти, телевидениеңер мындай, гезиттериңер андай деп айтышты. Аны эмне далилдеп турат деген суроомо алар биздин гезиттердин жазышы боюнча айтып жатабыз деп жооп беришти. Ушундан улам ММКлар үчүн мүмкүнчүлүктүн, уруксаат берүүнүн чеги кандай болуш керек жана эмне табу болуш керек жана цивилизациялуу мамлекетте ММКлар кантип иштеш керек деген маселе боюнча көпкө сүйлөштүк. Албетте бул философиялык өтө терең маселе. Менимче, эркиндик бул-жоопкерчилик жана компетенттүүлүк. Журналисттин башкы милдети чындыкты жазуу. Ал эми аны журналист кантип жазат, бул анын абийириндеги маселе.

Форумдун катышуучулары ММКлардын келечегине арналган бөлүгүндө бара-бара салттуу маалымат каражаттары коомдон сүрүлүп, анын ордун чөнтөк телефондор ээлеп, маалымат таратуу милдетин кесипкөй журналист эмес блоггерлер аткарып калчу мезгил алыс эмес экендигин белгилешти. Анда ММК менен бийликке көз карандысыз болуп,каалаган маалыматын өзү тандап алчу аудиторияны кармап туруу үчүн маалымат каражаттары өз кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин улам жогорулатып, эсклюзивдүү маалыматтарды табууга мажбур кылаарына моюн сунушту.

XS
SM
MD
LG