Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Пакистанда америкалык 5 жарандын соту башталды


Пакистанда америкалык 5 жаранга теракт уюштуруу аракети үчүн айып тагылышы мүмкүн. Алар декабрдын башында Сардогха шаарында исламчыл согушкер топтор менен байланыш түзүүгө аракеттенген деген шек менен кармалган. Пакистан полициясы америкалыктарды өмүр аягына чейин түрмөгө кесүүнү көздөйт. Расмий маалыматка ылайык, алар терроризмге каршы мыйзамдын алкагында Пакистанда соттолушу ыктымал. Америкалык жарандарды АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун – ФБРдин кызматкерлери да суракка алышкан.

XS
SM
MD
LG