Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Балыкчы окуясы боюнча соттун өкүмү күчүнө кирди. “Центерра голд инкте” Кыргызстан кызыкчылыгын коргоого Украина жараны дайындалды. Өзбектер көл жээгинде төрт пансионаттын тагдырын чечүүнү талап кылууда.


Жаңы жылдан жаңы күрөш

Дээрлик эки жумага созулган жаңы жылдык эс алуулардан кийин 11-январдан тарта бардык мамлекеттик структуралар ишке кирет. Анын ичинде соттук териштирүүлөр, саясий күрөштөр жанданат. Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешинин депутаттары 11-январда Конституциялык сотко арыз тапшырышат.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, арызда айылдык депутаттар президент өз жардыктары менен Конституцияны бузган фактыларга Конституциялык сот тарабынан баа берилишин талап кылышмакчы. Белгилүү болгондой, мындай арыз менен “Ата Мекен” партиясы өткөн жылдын соңунда Конституциялык сотко кайрылып, бирок катардагы жарандар Конституциялык сотко андай арыз менен кайрыла албайт деген жүйөө менен кароого алынган эмес.

11-январда ошондой эле Бишкек шаардык гарнизондук соту Исмаил Исаковго байланыштуу кылмыш иш боюнча чечимин чыгарышы күтүлүүдө. Бул күнү генералдын кичи мекени Алайда жана Бишкекте соттон адилеттүүлүктү талап кылган адамдар пикетке чыгышы белгиленүүдө.

Ал эми Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарга карата соттун өкүмү 4-январдан тарта күчүнө кирди. Айыпталгандардын жаза
өтөөсүнүн шарты тууралуу адвокат Мукар Чолпонбаев буларды билдирди:

- Төртөөнө эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эми алар жазасын кайсы жерде өтөй тургандыгы аныкталат, калгандары болсо бошотулду. Эми алар өздөрүнүн жашаган жеринде, үйүндө болушат. Бирок ай сайын районундагы тийиштүү ички иштер бөлүмдөрүнө келип, катталып турушат.

Адвокат ошондой эле сотторго ишеним жоктуктан жогорку сот инстанцияларына арыз берилбей калыш мүмкүндүгүн, Петровка жана Исмаил Исаковдун иши боюнча да айыптоочу өкүм чыгып калыш мүмкүндүгүн белгиледи:

- Ушундай эле өкүмдөр Петровка, Аскер сотунан да болушу мүмкүн. Анткени себеби бул сотторго, илгери Акаев айткандай, биз да ишенбей турабыз.
Орус бийлигинин ичинде кыргыз бийлик башчыларына каршы өтө таасирдүү адамдар пайда болушу оппозицияга дем берип жаткандай...

Соттор тарабынан айыптоочу өкүмдөр чыгышына, бийликтин энергетика, кадр, менчиктештирүү, Конституцияны өзгөртүү багытындагы саясатына каршы арга издөөнү оппозициянын ичинде күчөтүп, саясий күчтөр, саясатчылар арасында жаңы топтордун, жаңы позициялардын пайда болушун тездетүүдө.

Оппозицияга орус бийлиги ичинде кыргыз бийлик башчыларына каршы өтө таасирдүү адамдардын пайда болушу кайсы бир деңгээлде дем берип жатканы да байкалууда.


Косвин кимдин кызыкчылыгын коргойт?

2009-жылы Кыргызстан Кумтөр алтын кени боюнча канадалыктар менен жаны келишимге жетишкен. Ал келишим боюнча Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн Кыргызстанга түшө турган пайда көбөйүш керек. Ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун айтымында, жаңы келишим боюнча Кыргызстанга салык түрүндө эле жылына Кумтөрдөн 70-90 млн. доллар түшүп туруш керек. Ал эми акциясынын көлөмү 33% жеткирилет. Ал үчүн өткөн жылдын 30-декабрына карай "Камеко" Кыргызстанга “Центерра голд инктин” 25 млн. 300 миң даана акциясын өткөрүп берди. Акцияларынын көбөйүшү менен Кыргызстан “Центерра голд инктин” 11 кишиден турган директорлор кеңешине эки мүчө киргизүү укугуна ээ болду.

Айрым маалыматтарга караганда, анын бирөөсү кыргыз өкмөтүнө көз каранды болбош керек. Мына ошол укугунан пайдаланган Кыргызстан, тагыраак
айтканда “Кыргызалтынды” өз колуна алган Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик “Центерра голд инктеги” бир мүчөсү Алмазбек Жакыповду бошотуп, анын ордуна Максим Бакиевдин орун басары Алексей Елисеевди, пайда болгон экинчи орунга Украина жараны Юрий Косвинди киргизди. Борбордук агенттик Косвинди кандай тапканы, кандай критерий менен тандаганы белгисиз.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бул кадрдык чечимди сынга алып, дайындалгандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алышына шегин билдирди:

- Анткени эки эле киши. Алар коргой албайт. Андан сырткары биздин кишилер эмес. Кыргыз элин сүйгөн биздин кишилер болсо, анда коргойт эле. Анан эми Украинанын бир кишиси болсо, ал эмнени жактайт? Биздин кишилерден болсо максатка ылайыктуу болмок. Бизден болсо булар коркот. Ошон үчүн Косвин деп Украинанын кишисин табышкан турбайбы.

Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев бул иштерди саясатташтырбоо тууралуу пикирин билдирди:

- Бул жерде мындай да, саясат деп эле бирдемени урдура берген болбойт. Аны көрүш керек. Бөлөк өлкөнүн жараны болуп туруп, анын биздин өлкөгө карата милдеттенмеси бар экенин байкаш керек. Анткени эл аралык уюмдардын шарттары боюнча, кандай болбосун, ким болбосун өзүнүн келишими боюнча жалдаган тарапты коргоого милдеттүү деген шарттар турат.

Кыргызстанга 25 млн. 300 миң акциясын өткөрүп бергенден кийин "Камеко" корпорациясы алтын бизнесинен кетерин билдирген. Бул чечимдин себебин Орозбек Дүйшеев мындай түшүндүрдү:

- Биринчиден, (Камеко) өзүнчө жетиштүү, чоң фирма. Алтын менен иштегиси келбей калды. "Камеко" азыр дүйнөдөгү урандын 30% өндүрөт. Экинчиден, алтын (Кумтөр алтыны) дале тынчыбай жатпайбы. Бири муну айтат, экинчиси тигини айтат. Ошондуктан муну менен байланышпайын деп кетип жатат окшойт.

Азыркы мезгилде Канаданын Торонто биржасында “Центерра голд инктин” бир акциясынын баасы 12 Канада долларынан ашыгыраак бааланып турат.

Кыргызстанда Кумтөрдөн башка Жер-Үй, Талды-Булак-Сол-Жээк, Андаш сыяктуу ири алтын кендери бар. Талды-Булак-Сол-Жээктеги кенди 2007-жылы казактардын “Алтынкен” компаниясы алган. Бул компанияга кенди иштетүү лицензиясы 600 млн. сомго сатылганын ал кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев маалымдаган. Бирок “Алтынкендин” иши аксап, кенди өздөштүүрү ишин колго алалбай турат. Ал эми Жер-Үй кени Борбордук агенттиктин колуна алынып, ал аркылуу Кумтөргө берилиши күтүлүп жатканын Орозбек Дүйшеев белгиледи.

Тажикстан ГЭСти курууну чамдады. Кыргызстанчы?..

Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы жыл соңунда Ташкенде чогулуп, эки өлкөнүн алдында турган суу-энергетика, соода, чек ара, менчиктерге байланыштуу маселелерди талкуулаган. Ал жыйын өзбек тараптын бир катар талаптарды коюусу менен эсте кала турган болууда. Ал талаптар Камбар-Ата-1 ГЭСинин коопсуздугун эл аралык экспертизадан өткөрүү, пансионаттар, чек арага байланыштуу экени маалым болду.

Чек ара боюнча сүйлөшүүнү жакын арада жандантууга тараптар макулдашканын өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди:


- Буюрса, быйылкы жылдын апрелине чейин документтер боюнча иштеп, анан кайра практикалык жолугушуу иштерине киришебиз деп макулдашып келдик. Ошону протоколдоп, биздин премьер-министр менен Өзбекстандын биринчи вице-премьери кол коюп, макулдашты.

Кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин коопсуздугун экспертизадан өткөрүүгө макулдугун берген. Бирок бул ГЭСти куруу боюнча 2009-жылы февралда Москвада жетишилген кыргыз-орус келишими ансыз деле аксап турат. Россия тарап ГЭСти куруу үчүн убада кылынган 1 млрд. 700 млн. долларды бөлө элек.

Кыргызстандын каржы министри Марат Султанов насыянын кечигишин дүйнөлүк финансылык кризис менен байланыштырууда. Бирок ошол эле мезгилде “Кыргызстан насыяны чексиз күтүп отура бербешин” Марат Султанов маалымат каражаттарына билдирген.

Демек кайсы бир убакыттан кийин Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн каражаттын башка булагын издей башташы ыктымал. Ал кайсы булак болушу белгисиз.

Ал эми кошуна Тажикстан Рогун ГЭСин куруу үчүн тажик калкынын өзүнөн каражат сурап, азыркы мезгилде активдүү түрдө келечектеги ГЭСтин акцияларын сатып жатат. Тажик бийлиги калктан 600 млн. доллар топтоону болжоп жатат. Алгачкы күндөрү эле 92 млн. доллар жыйналганы кабарланды. Демек президент Эмомали Рахмондун демилгеси кайсы бир деңгээлде ийгиликке жетишип жаткандай. Рогун ГЭСи Камбар-Ата-1ге караганда ири. Анын тосмосунун бийиктиги 335 метр. Долбоору боюнча жыл ичинде 13 млрд. килловат саат электр энергиясын иштеп чыгат.
Кыргызстан Орусиянын 300 млн. доллар насыясын Камбар-Ата-2ге коммерциялык структуралар аркылуу бөлүп, орус бийлигинин ишениминен чыгып жатат.

Кыргыз бийлиги болсо Россия берген 300 млн.доллар жеңилдетилген насыяны Камбар-Ата-2 ГЭСине коммерциялык структуралар аркылуу бөлүп, орус бийлигинин да ишеничинен кетип жатканы кеңири айтылууда. Калктан каражат жыйноо жагынан алыс кете албашыбызды ХИПК программасына каршы чыгып, тышкы карыз үчүн элден акча жыйноо аракети айгинелеген.

Камбар-Ата-1 эмес, андан алда канча чакан болгон Камбар-Ата-2 ГЭСин куруп бүткөрүүгө бюджеттин чамасы чак болууда. Анын үстүнө 2010-жылдын бюджетинин таңсыктыгы 13 млрд. сомдун тегерегине жетүүдө.

Мына ушундай шартта Ташкен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын башын ачуу талабын коюп жатат.

1990-жылдардын башында Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган Эсенгул Өмүралиевдин айтымында, СССР урагандан кийин кол коюлган келишимге ылайык, союздук бюджеттен салынган ишкана, объекттердин баары кайсы республиканын аймагында жайгашса, ошол өлкөнүн менчигине өтөт деп белгиленген. Ал эми республикалар бюджетинен салынган обьекттер сүйлөшүү аркылуу чечилет деген келишилген. Мына ошол келишимге ылайык Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттар Өзбекстан жана Казакстанга 15 жылга ижарага берилген дейт Өмүралиев:

- Ошондо 1992-жылы мен Мамлекеттик мүлк фондун башкарып турганда, биз казактар менен өзбектерге ошондой шарт койгонбуз. Себеби келишимдер тургандан кийин өзүбүздүн менчикке ала албайбыз. Ошон үчүн биз аларга 15 жылга ижарага бергенбиз.

Белгилеп кете турган нерсе, казак тарап 15 жылдык ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы келишимге жетишип, төрт пансионатты өз менчигине, ал эми пансионаттар турган жерди 49 жылга ижарага алды. Ал эми өзбек тарапка кайсы пансионаттар ижарага берилгени тууралуу Өмүралиев буларды маалымдады:

- Өзбектер бүгүн иштетип аткан пансионаттар төртөө. Анын ичинен иштеп атканы экөө. Бул Боз-Теридеги “Алтын-Кум”, анан Кара-Ойдо “Рахат” деген бар. “Диларом” дегени бар. Ал иштейби, иштебейби билбеймин. Анан төртүнчүсү “Ташсельмаш”, ал Тоңдо. Бүгүнкү күндө менимче, ал да иштебей турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG