Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Өнүктүрүү кеңешинин алгачкы жыйыны болду


Президенттин Катчылыгынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин төрагалыгы астында Өнүктүрүү кеңешинин жыйыны болду. Анда алты маселе каралды. Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча вице-премьер-министр Аалы Карашев маалымат берип, бул багыттагы алгачкы кадам өкмөттүн жаңы структурасын кабыл алынышы болгонун билдирген. Кеңеште Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев "Жаңыланган борбор" аттуу программа тууралуу маалымат берген. 2012-жылга чейин эсептелген ал программаны аткаруу үчүн 13 млрд. 700 млн. керектелет. Өнүктүрүү кеңеши борбордун программасын аткаруу үчүн бюджеттик эмес каражаттарды тартууну сунуштады. Өнүктүрүү агенттиги ошондой эле фондулук базарды жандантуу боюнча концепция кабыл алган. Анда ылайык корпоративдик баалуу кагаздарды, мамлекеттик ишканалардын акцияларын айландырууну колдоо каралган. Өнүктүрүү кеңеши ошондой накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, күрөөгө коюлган мүлктү алууну жеңилдетүү концепциясын жактырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG