Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Максим Бакиев: "Алтын" холдингге тиешем жок


Бул тууралуу кыргыз президентинин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин башчысы Максим Бакиев 24.кг маалымат агенттигине берген маегинде билдирген. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Орусияда М. Бакиевге тиешелүү ишканалар жабылды, деген маалыматтар өзүнө карата жасалып жаткан кандайдыр бир өнөктүк деп айткан. Ошондой эле М. Бакиев Орусия жетекчилиги анын ишмердүүлүгүнө каршы деп жазылып жүргөн маалыматтар да негизсиз деп эсептейт.

Кечээ саясат таануучу А. Князев 24.кг маалымат агенттигинде журналисттерге “Орусияда М. Бакиевге тиешелүү ишканалар текшерүүгө алынып, 18 кылмыш иши козголгон, анын ичинде “Алтын” холдинги да бар. Бул кылмыш иштери орус өкмөтүнүн жана президенттик администрациясынын көзөмөлүндө турат, деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG