Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Climategate үмүткө суу себиши мүмкүн


Мындан эки айдай мурда эле Копенгаген саммити алдында жаңылыктар агымында климат темасы астамдык кылып турган. Бирок жыйын натыйжасыз аяктаган соң жалпы келишимдин тагдыры арсар абалда калгансыды.

АКШ президенти Барак Обама Копенгаген жыйынындагы сөзүндө "климаттын өзгөрүшү жалпы дүйнө элине олуттуу коркунуч боло баштаганын жана ал күч алып баратканын" белгилеп, муну "фантастика эмес, илим" деп айткан эле.

Бирок дал ушул илимдин өзүндө соңку кездери ич ара талаш-тартыш күч алып, аны Climategate деп айта башташты. Буга климат өзгөрүүлөрүн изилдөө боюнча дүйнөлүк борбор катары таанылган Британиядагы Чыгыш Англия университетинин сайтынан тарап кеткен куш тилиндей кабар себепчи болду. Ал катта бул жерде иштегендер өз теориясына ылайык келбеген илимий натыйжаларды "жашырып койгону" айтылган эле. Муну кийин хакерлерге шылтоолоп, ишти жаап салышты, бирок ал адистер арасындагы талашка жаңы тамызгы болгонго үлгүрдү.

Глобалдык жылуулук саясаты боюнча Лондондо жайгашкан фонддун кеңешчиси Дэвид Уайтхаустун айтымында, интернеттеги ошол кабар климат тууралуу жалпы талкууларга таасир тийгизди.

"Эң кызыгы – акыркы эки айдагы илимий талкуулар бир топ омоктуу, ачык боло баштады. Мындан бир жыл мурда эле илим ушундай бүтүмгө келди, бүттү, талкуу-талаштын эч кандай кажети жок, алардын баары жабылды деп айтышкандар эми так кесе сүйлөгөндөн тайсалдап, туура, тактай турган айрым жагдайлар бар деп, баш ийкегилеп калышты",- дейт Уайтхаус.

2007-жылы Улуттар Уюмунун климат маселеси боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобу доклад жарыялап, атмосферанын жылышынан улам Гималайдагы калыңдыгы 200-400 метрге жеткен муз мөңгүлөр 2035-жылга чейин ээрип жок болот деп бүтүм чыгарышкан эле. Бирок муну бир катар илимпоздор төгүндөп, тандыргыс далилдерди келтиришти. Ошондон соң Улуттар Уюмунун эксперттери өздөрүнүн илимий жосмолдору ката болгонун моюнга алып, прогноздорун оңдоп-түздөп чыгышты.

Ошентсе да уюмдун жетекчилери климаттын өзгөрүп баратканы жөнүндөгү илимий тыянактар кыярбас чындык экенин кайра эле сап кармап, ушул позицияда бекем турушат. Баш катчы Пан Ги Мун өзү да "хакерлердин илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бурмалап салганын климат биз элестеткенге караганда алда канча ыкчам, тез өзгөрүп жатканын көрсөткөн" далил деп атады.

Өткөн аптада Түркияда өткөн жыйынга атайын кат жолдоп, "климаттын өзгөрүп баратканына анчейин ишене бербеген илимий безерилерди жалпы келишимге жетишүү аракетин үзгүлтүккө учуратканы жатканы үчүн" сынга алды. Өз кайрылуусунда баш катчы "климаттын өзгөрүшү айныксыз коркунуч экенин бир добуштан колдоого чакырып, муну көңкү дүйнөгө айтып, ынантуу керектигин" белгиледи.

Уайтхаус жаңы тутанган Climategate чуусу быйыл ноябрда Мексикада боло турган дүйнөлүк конференциянын натыйжасына да түздөн-түз таасирин тийгизерин эскертти.

"Азыр бизде дүйнөлүк финансы кризиси бүтө элек, айрым өкмөттөр келишимге кошулбай калганга ар түрдүү шылтоо табат. Анткени келишим аларды көп акча сарп кылганга, бир катар өндүрүштү кыскартканга милдеттендирет. Башка бир өкмөттөр болсо илимди бетке кармап, ал али көп иштин башын ача элек, ошондуктан биз ойлонуп көрүшүбүз керек деп айтышат".

Эгер Мексика жыйынында чын эле ушундай абал түзүлсө, анда Уайтхаус муну менен Улуттар Уюмунун климат маселесиндеги үмүтүнө суу себилет деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG