Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

ВИЧ илдетин жугузгандар Чүйдө эң көп


Бул тууралуу бейөкмөт уюмдардын 3-улуттук форумунда белгилүү болду. Мындай маалыматты айткан “Социум” коомдук бирикмесинин жетекчиси Батма Эстебесованын билдиришинче, ушул тапта Чүй облусунда ВИЧ илдетин жугузган 733 адам каттоодо турат. Былтыр бул сан алты жүзгө да жеткен эмес. Аталган илдетти алып жүргөндөрдүн 75 пайызы эркектер. 1-мартка карата алынган маалымат боюнча, ВИЧ инфекциясын жугузгандар Нарында эң аз катталган, аймакта алардын саны жети адам. Ал эми Ошто бул сан 635ти түзөт.

Эгерде буга чейин ВИЧ СПИД өлкөнүн түштүгүндө күч алган болсо, эки жылдан бери Чүй облусу бул маселеде алдыга чыккан. СПИД бирикмесинин өкүлү Эркин Бакиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай көрүнүш аймакта ВИЧ менен ооругандарды аныктоо иштери жакшырганынан улам келип чыкты. (AiJu)

XS
SM
MD
LG