Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:43

Баш прокуратура 10 кылмыш ишин кайтарып алды


Айрым кылмыш иштери боюнча чыгарылган чечимдерин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн Баш прокуратуранын буйругу менен түзүлгөн комиссия он кылмыш ишин кайтарып алды. “Кыргызалтын” Ноокат жана Аксы окуялары, Жалал-Абаддагы улуттук банктын бөлүмүн талап-тоноо, Медет Садыркулов, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев жана И. Кочкароевдун өлүмү жана “матрешкага” жаңжалы боюнча кылмыш иштери жаңы ачылган жагдайлардан улам Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлдү. Баш прокуратуранын маалымат кызматынын билдиришинче, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кубанычбек Кадыров менен Бириккен элдик кыймылдын Ысык-Көлдөгү координатору Канат Сопиевге каршы ачылган ишти комиссия азыр иликтеп жатат. Баш прокуратура Убактылуу өкмөткө “Петрол Групп” ишканасын жана Бишкек ликер-арак заводун толугу менен улутташтырууну жана “Мегаком” компаниясынын 49 пайызын мамлекетке алууну да сунуштады. (EBM)

XS
SM
MD
LG