Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Тажикстан полиомиелитке каршы эмдөө баштайт


Эмдөө өнөктүгү ишембиде башталганы турат жана мындай чара аталган коркунучтуу илдет өлкөдө соңку он жылдан ашуун убакыт ичинде алгачкы ирээт чыккандыгына байланыштуу көрүлүүдө. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, Тажикстанда өткөн айдан бери бул илдеттен 12 киши каза тапкан. Мындан сырткары 32 адам полиомиелитке кабылгандыгы ырасталды жана адамдар шал болуп калган 171 учур катталган. Шал болуу - полиомиелиттин баштапкы белгиси. ЮНИСЕФ уюму Тажикстанга 4 миллион доза вакцина берди. Эмдөө май –июнь айларында жүргүзүлөт. Полиомиелит Тажикстанда буга чейин акыркы ирээт 1997-жылы катталган.

XS
SM
MD
LG