Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Эртең Женевада Кыргызстандагы адам укуктары боюнча баяндама угулат


БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңеши Женевадагы жыйында Кыргызстандагы адам укуктары боюнча отчетту угуунун алдында турат. Бул жыйынга Кыргызстандан атайын делегация барып катышууда. Делегациянын жетекчиси юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева, ошондой эле анын курамында БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Мухтар Жумалиев, акыйкатчы Турсунбек Акун, аскер прокурору Айбек Турганбаев, эмгек жана миграция министринин орун басары Нуриля Жолдошева бар.

Акыйкатчы Турсунбек Акун жөнөп кетердин алдында "Азаттыкка" маалымат берип, БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин жыйынында Кыргызстанда апрель айында болгон окуялар боюнча орчундуу сөз болорун, ошондой эле экс-президент К. Бакиевдин тушунда болгон адам укуктарын басмырлоо фактылары, саясий куугунтуктоолор, атап айтканда Ноокаттагы, Петровкадагы окуялар боюнча, И. Исаковдун, А. Жекшенкуловдун иши боюнча адилетсиз сот чечимдери айтыла тургандыгын билдирген.

БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңеши 2006-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын ордуна түзүлгөн. Аталган Кеңешке мүчөлөр БУУнун Башкы Жыйыны тарабынан шайланат. (КС)

XS
SM
MD
LG