Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Орусиядан күйүүчү май 10-майдан тарта ташылып келе баштайт


Бул тууралуу Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, орус өкмөтү 1-апрелден тарта сыртка чыгарган күйүүчү майга бажы төлөмүн киргизгенден бери ал жактан май сатылып алына элек болчу. Азыр Казакстандан күйүүчү майлар чакан партиялар менен алынып келип жатат. Майларды жазгы талаа иштери кычап турган аймактарга жөнөтүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө, дейт Б. Мамбетов. Анын айтымында, апрель айында Кыргызстанда сатылып жатканы күйүүчү майлардын бир литринин баасы кеминде 3 сомго чейин көтөрүлгөн. Орусиядан кошумча бажы төлөм менен келе баштаса май дагы кымбаттайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG