Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Евроаймакка кирген өлкөлөр Грекияны куткаруу планын талкуулап жатышат


Бүгүн Брюсселде орток акча – еврону колдонгон 16 өлкөнүн лидерлери чогулуп, Грекияны банкроттуктан сактап калуу жолдорун караштырат. Алар алдын ала Грекияга 110 млрд евролук насыя берүүнү макулдашкан. Бул каражаттын ири бөлүгүн Германия бермек, бүгүн Германия парламенти маселени добушка коет. Грекиядагы финансы кризиси башкаларга да жайылат деген чочулоодон улам биржаларда баалуу кагаздар арзандап, евронун АКШ долларына карата наркы дагы төмөндөй түштү

XS
SM
MD
LG