Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Тар жол, тайгак кечүүдө Р.Отунбаева жол баштады


Жалал-Абаддагы нааразылык акциясы. 20-май 2010-жыл.
Жалал-Абаддагы нааразылык акциясы. 20-май 2010-жыл.

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар Убактылуу өкмөттүн кадр саясатына ой-пикирлерин айтышууда, алардын арасында Конституциянын жаңы редакциясына сын көз менен карагандар да бар.

Ардагер Урниса Турдуева: Убактылуу өкмөт ак элечектүү апаларды, аксакал аталарды, калыс сүйлөгөндөрдү дагы жакындатышы керек. Мисалы: Корчубек Акназаров, Орозбек Дүйшеев сыяктуу аксакалдарды коомдук ишке тартып, алардын кеңешин алып, эл менен иштөөгө тартса жакшы болоор эле. Убактылуу өкмөт айыл өкмөттөрүнөн баштап, жогорку кызматтарга чейинкилерди алмаштырып, таза кадрларды дайындашы зарыл. Мисалы: Кечээ “Курманбек Бакиевди бекер кетирдик. Он жылга артка кеттик”,-деп кыйкырып жүргөн Жалал-Абаддын облпрокурору дагы эле кызматында отурат. 14-майдан бери Жалал-Абадда мыйзамдуулук жок. Мени оорулусуң деп жиндиканага жаткырган Жалал-Абаддын Ички иштер башкармалыгынын начальниги дагы эле кызматында отурат. Мындайлар четинен чыгат. Убактылуу өкмөт Кадрларды тез арада тазалап, ак иштеген билимдүүлөрдөн коюусу керек.
Кыргы-өзбек чек арасындагы Сох анклавы. 28-май 2010-жыл.

Бишкектин тургуну Жамалдин Темирбердиев: Мен Кыргызстандагы анклавтар боюнча маселе көтөрүүнү туура көрдүм. Кыргызстандагы анклавдар 200-300 жыл мурда пайда болгон. Ал жерге чөлдө оор шартта жашаган адамдардын бирин-экиси келген. Таза аба, шар аккан суусу бар кыргыз жерине келип отрукуташып алышып, алар кийин 30-40 миңге чейин жетти. Мына азыр дагы Байтик айылынын жанынан арабдар 80 га. жерди алышыптыр. Кийин булар көбөйүп отуруп өзүнчө анклав болбойт деп ким кепилдик бере алышат. Ансыз дагы коңшу Кытай мамалекетинен келишкен мигранттарды текшерген киши жок. Алар акырын келип алышып, Кыргызстандын бардык аймактарына акырындан жайылып баратышат. Минтип отурса кыргыз элинин тили дагы салт-санаасы дагы жоголуп кетиши мүмүкн.Убактылуу өкмөт ушул миграция маселелесин тез арада көзөмөлгө алып, чет элдиктерге жер берүү маселесин чечпесе кийинки биздин муунга чоң проблемаларды калтырган болобуз.

Революциялык комитеттин төрагасы Шадыкан Жакыпбеков: Кыргызстандын революциялык комитети Жогорку Кеңештин 12 сессиясында 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө токтом кабыл алдык. Биринчиси -2007-жылдын 21-октябрында референдум менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жараксыз деп табылсын. Экинчиси-2010-жылдын 7-апрели Элдик революция күнү деп жарыялансын. Үчүнчүсү- Кыргыз Республикасынын шайланган Жогорку Кеңешинин 12-сессиясында 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституциясын кайрадан калыбына келтирүү менен 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасында колдонууга киргизилисин.
Кыргызстандын Конституциясы. 21-январь,,2010-жыл.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев: 1993-жылы кабыл алынган Конституция чынында эле абдан жакшы жазылган, парламенттин бийлиги жогору кюлуп, президенттин бийлигин баланстап турчу. Албетте андан бери мезгил алмашты, коом алмашты. Салыштырмалуу айтсам, ал учурда биз биринчи класстын окуучусу болсок, эми биз төртүнчү класстын окуучусу болдук. Азыркы Конституциянын жаңы редакциясына 1993-жылкы Конституциянын негизги идеясы камтылды. Пралмаентке кайрадан бийлик өттү. Өкмөт өз алдынча болду. Азыр 1993-жылдагы Конституцияга кайрылып келелик деген саясатчылар бир мандаттуу шайлоону каалагандар. Бул саясий күрөштүн абдан жеңил жолу. Буга чейин парламентке бир мандаттуу шайлоодо жер-жерлерге, уруу-урууга чейин бөлүп, акча таратуу күч алып, анда акчалуулар, азулуулар өтүп келишпеди беле. Азыр деле ошондой адамдар жеке кызыкчылыктарын ойлоп жатышат.Бул жерде жамааттык эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, элге 1993-жылдагы Конституция мыкты болчу деген идеяны көтөрүп чыгып жатышат. Эми жаңы Конституцияда саясий партиялар аралык күрөш, саясий партиялар аркылуу шайлоо болот. Бул өнүгүүнүн эң жакшы жолу.

Юрист Автандил Сакыбав: Бүгүнкү күнү Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан Конституцияга каршы пикирим бар. Мисалы: Баш мыйзамдагы 81-берене. Анда президент кол койгон бийлигине кошо Жогорку Кеңештин төрагасын дагы киргизип коюшкан. Бул жерде талаш-тартыш болуп, келечекте чоң таарынычтарды жаратат. Ошол эле жерде 64-бересиндеги президенттин укуктарында ачыктан ачык жазылып турат “Президенттин кол коюу күчү бир гана президентте”,-деп. Бул жерде өздөрү беренелерди бири-бирине карама-каршы коюп салды. Бул соодалашуучу беренелер. Ушуларды тез арада оңдошу керек.

Бишкекте 7-апрел Элдик ыңкылапка байланыштуу митинг. 17-май,2010-жыл.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева тууралуу айта турган болсом. Бул киши коомдук саясий жагдайга байланыштуу президент болуп бекитилди. Президенттикке шайланган жок бекилди. Ө.Текебаев болсо “азыр президент ким болсо кийинки шайлоодо ал президентикке бара албайт”,-деп жатат. Муну менен Ө.Текебаев Роза Отунбаеванын жарандык укуктарын тебелеп салды, ачыктан-ачык эле. Бул мыйзам бузуучулук. Анткени Роза Отунбаева башка талапкерлер сыяктуу жалпы мыйзамдардын негизинде президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга толук акылуу. Р.Отунбаеванын укугун чектебеши керек. Анткени Убактылуу өкмөттө эл үчүн жанын үрөп иштеп жаткан бирден бир ушул аял киши. Болбосо демократиялык укуктуу коомду курабыз дегени менен мына ушундай адам укугун чектөө эл арасында нааразылык жаратууда.

Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаеваны тандадык. Бул абдан чоң тарыхый окуя. Биздин тарыхыбыздагы “Тар жол, тайгак кечүүдө” кыргыздын жигиттери ушул эжекебизге суранып, “Тынчтык кылып бериңиз, баш көз болуп бериңиз? Бийлик талашкан ушул жигиттерге калыстык менен шайлоо өткөрүп бериңиз? Тарыхыбызды түздөп, келечегибизди аныктап бериңиз?”-деп кайрылдык. Бул факт өзү Кыргызстандын аялдарынын коомдогу ордун көтөрө турган тарыхый салт.Бул кылымдан-кылымга калып, үлгү болуп, аялдарга болгон коомдогу мамилени калыптандыра турган чоң факт. Бул факттын маанилүүлүгүнө биз баа беришибиз керек. Ошондуктан алдыдагы референдумда Роза Отунбаеванын тарапкерлигин колдоп бергиле дейт элек.

Бул Кыргызстандагы эле аялдардын коомдогу ордуна эле таасири тийе турган тарыхый факт эмес, бул Орто Азиядагы аялдардын коомдогу ордун өтөрө турган, аныктай турган факт. Анткени Орто Азиядагы жападан-жалгыз биринчи мамлекет башчысы-президент Кыргызстанда аял болот.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312- коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.

XS
SM
MD
LG