Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Орусия өз оюнун жүргүзүүдөбү?


Ош, 12-июнь
Ош, 12-июнь

Ош шаарында каршылашкан тараптардын элдешүү аракети башталды. Бул демилгени “Мухаммед Умар-Ош” коомдук уюмунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков көтөрүп чыкты.

Кыргызстан өтө оор абалдан чыгуунун жолун издеп жатат. Эки элди жараштыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Түштүктөгү күч структуралары Өмүрбек Суваналиев жана Кубатбек Байболов менен бекемделди. Белгилүү болгондой Суваналиев Ички иштер министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын жетекчилигине, Кубатбек Байболов Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты болуп дайындалды.

Россиядан алгачкы гуманитардык жардам келди. Бирок күч менен жардам берүү жагы токтоп турат.

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Оштогу улут аралык кагылышууну токтотуу үчүн күч киргизүүнү

орус президенти Дмитрий Медведевден өтүнгөн. Расмий эмес, бирок аныкталган булактардан алынган маалыматка караганда, күч киргизүү боюнча сүйлөшүүгө орус тарап “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду жиберүүнү сураган. Убактылуу өкмөттүн жетекчилигин бул сунуш бери дегенде жага берген эмес. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери бул маалыматты тастыктады. Ошол эле учурда бул маалыматты расмий бышыктоого мүмкүн болгон жок.

Орус президентинин маалымат катчысы Наталья Тимакова Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрүн киргизүү үчүн уюм мүчөлөрүнүн ортосунда кошумча кеңешүүлөр керектигин билдирген. Бул иш дүйшөмбү күндөрдөн жүргүзүлө башташы күтүлүүдө.
Ошондуктан Убактылуу өкмөт өз күчүнө таянуу стратегиясына басым жасап, ооганчыларды, мурунку аскердик кызматкерлерди, милиционерлерди мобилизациялоо ишин жүргүзө баштады.

Бул арада Курманбек Бакиевдин убагындагы Ынтымак курултайынын төр кеңешинин жетекчилери Сыдыкбек Аблесов жана Апас Жумагулов Роза Отунбаевага кайрылып, Феликс Куловду түштүк регионго жетекчиликке жөнөтүүнү сунуштаган. Белгилүү болгондой ага чейин Феликс Кулов Ынтымак курултайынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарын чогултуп, Россиядан жардам суроону сунуштаган эле.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, күч структураларынын ардагерлери жана элдик кошуундардан түзүлгөн ыктыярдуулар тобу бүгүн Ошко жөнөп кетет. Министрлик Ош жана Жалал-Абад облусунда абал татаал жана чыналган бойдон экенин билдирүүдө.

“Азаттыктын” кабарчысынын Жалал-Абаддан билдирүүсүнө караганда, Базар-Коргондо оор абал түзүлүүдө. Ал жерде атышуулар угулууда. Үй өрттөөлөр да орун алганы байкалган. Агрессивдүү топтор жүрөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG