Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53

М.Бакиев Британияда убактылуу баш паанек алганы кабарланууда


Экс-президенттин уулу Максим Бакиев Британияда убактылуу баш паанек алганын Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы 18-июнда кабарлады. Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон “Картер-Рак” фирмасы ага Британияга кирүүгө уруксат берилгенин айткан. Бирок орус маалымат каражаттары Британиянын Чек ара кызматы бул маалыматты четке какканын билдирүүдө. Кыргыз УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев буга чейин Кыргызстан менен Британия ортосунда экстрадиция боюнча келишимдер жок экендигине байланыштуу Максим Бакиевди алып келүү бир нече айдан бир нече жылдарга чейин созуларын белгилеген. Башкы прокуратура Максим Бакиевди кайтарып берүү өтүнүчү менен 15-июнда Британияга ырасмий кайрылган эле. (EK)

XS
SM
MD
LG