Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Колумбиядагы президенттик шайлоодо мурдагы коргоо министри жеңишке жетишти


Социалисттик партиянын атынан чыккан Хуан Мануэль Сантос шайлоонун кечээ өткөн экинчи айлампасы учурунда 69%добуш алды. Башкача айтканда Жашылдар партиясынан чыккан атаандашы Антанас Моккустан топтогон добуштарынын саны жагынан 40%дан ашуунга алдыга кетти. Бул -Колумбиянын азыркы тарыхындагы ири жеңиш. Сантосту шайлоо өнөктүгү учурунда кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Альваро Урибе колдоду. Ал элге Колумбиянын солчул согушкерлерине, наркозат өндүргөндөргө жана соода кылгандарга каршы күрөштү, кызмат мөөнөтү аяктаган президенттин бизнести колдогон жана АКШ менен коопсуздук жаатында кызматташкан саясатын улантууну убада кылды.

XS
SM
MD
LG