Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Апрель жана майдагы окуялар боюнча сунуштар даярдалып бүттү


Апрель жана май айларында болуп өткөн окуяларга саясий жана укуктук баа берүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктап, анын мүчөлөрү даярдалган документке кол коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссия мүчөсү Табылды Акеров маалымдады. Даярдалган документ бүгүн-эртең Убактылуу өкмөткө тапшырылмакчы. Аталган комиссия апрель жана май айларында Талас, Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Бишкек шаар четиндеги Маевка айылында болуп өткөн окуяларды сегиз багыт боюнча иликтеп чыгышты. Эми саясий ишмерлерден, көз карандысыз эксперттерден, бейөмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган бул комиссия Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кандуу окуяларды иликтөөгө киришишмекчи. Аталган комиссия курамы жыйырма беш адамдан турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG