Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Баткен: дипломдун ордуна нике күбөлүгү


Быйылкы окуу жылында Баткен аймагында жети миңдей окуучу мектепти аяктаса, анын үч миңден ашыгын кыздар түзөт. Айыл жерлеринде мектепти аяктаган кыздардын жарымынан көбү ушул айда эле үй-бүлө куруп кетишти.

Быйыл мектепти аяктап жаткан Зумратты мамлекеттик сынактардын экинчисин тапшыраар замат эле ала качып кетишкен. Анын "жогорку окуу жайга окуйм" деген максаттары ишке ашаар ашпасы арсар шартка туш болгон. Бөтөн үй-бүлөгө экинчи келин болуп барган Зумрат учурда кайнагасынын баласын кароо менен алек. Ала качкан учурда эле кетип калайын десе ата-энеси макул болбой койгонун айтат:

- Мен экинчи экзаменди тапшыргандан кийин эле ала качып кетишти. Университетте окуйун дегем, билбейм эми кандай болот, бирок азырынча окутабыз деп жатышат. Кетип калайын десем ата-энем "таш түшкөн жеринде оор" дешип калтырып коюшту.

Ал эми Дара айыл өкмөтүнүн 23 жаштагы тургуну Заир быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн досторуна беш-алты кызды ала качууга жардам берген. Эрте үй-бүлө куруунун себебин шаарга барган кыздар башканы жакшы көрүп калышы мүмкүн дейт ал:

- Ошондуктан мектепти жаңы эле аяктагандарга үйлөнгөн жакшы.

Баткен шаар тургуну Жибек болсо өз эрки менен барбаган кыздардын таламын талашкан киши деле жок, уурдалып барган кыздардын дээрлик көпчүлүгү отуруп калышат, "мен калбайм" деп күч кызматтарына арызданган деле кыздар жокко эсе дейт:

-Жыл сайын ушул маалда мектепти аяктаган кыздарды ала качуулар көбөйөт. Кээ бирлерин ата-энелери сүйлөшүп калтырып коюшат, кээ бирлери "кеткенде эмне" дегендей айла жоктон отуруп калышат. Укук коргоо органдарына кайрылып, сотко берип жашабайм деп кетип калгандар жокко эсе.

Облустук гендердик саясат жана жаңы муун сектору болсо ар кандай акцияларды өткөрүп, жаштар арасында зордук-зомбулукка каршы, эрте турмуш куруунун пайдасыздыгын түшүндүрүү иштерин алып барганынын натыйжасында жакшы жакка жылыштар бар. Эң негизгиси мажбурлап никеге тургузуу, кызды ала качуу кылмыш экенин коомдо калыптандыруу зарыл дейт сектор кызматкери Токтокан Имарова:

- “Зордук-зомбулуксуз 16 күндүк" акциябыз жыл сайын өтүп келет. Ага студенттер, мектептердин жогорку класстын окуучулары, жергиликтүү бийликтин жооптуу кызматкерлери, укук коргоо, медицина өкүлдөрү жана аялдар, аксакалдар кеңештери, өкмөттүк эмес уюм өкүлдөрү тартылат. Анда ала качуу, эрте турмуш куруу, аялдардын зордук-зомбулукка кабылышы тууралуу түшүндүрүү иштерин алып баруу менен семинар-тренингдер өткөрүлөт. Менин баамымда 2007-жылдан бери бул багытта кыйла жылыштар болуп, ала качуулар кыскара баштады. Ишеним телефондор да бар бул багытта.

Ал эми Баткен райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Омошова 25 жашка барып турмуш кургандарга караганда 18ге толуп нике күбөлүгүн алгандар басымдуулук кыларын айтты. Ошол эле учурда бир топ жашагандарга караганда жаш үй-бүлөлөрдө ажырашуу көрүнүшү көбүрөөк. "Мунун себеби жаштар турмуштун ачуу-таттуусун билбей туруп турмуш курганында" дейт ал.
XS
SM
MD
LG