Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Т.Зикиров: Түштүктөгү окуя жалпы журттун кайгысы


Ош шаарынын тополоңдон кийин жалпы көрүнүшү, 18-июнь 20010-жыл.
Ош шаарынын тополоңдон кийин жалпы көрүнүшү, 18-июнь 20010-жыл.

Ош коогалаңына бир ай болду. Учурда анын кесепеттерин жоюу багытында кандай иштер жүрүп жатат, бул тууралуу Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалай Зикиров “Эл үнү” программасына кеп салып берди.


Мындан туура бир ай мурда Ошто коогалаңдуу окуя болуп, ондогон адамдардын жаны кыйылып, жүздөгөн жарандар жаракат алышкан. Учурда Ош облусундагы кырдаал турукташып, кыргыз-өзбек элинин ортосундагы ынтымакты чыңдоо, достук мамилелер боюнча бир
Эки элдин достугу үчүн Kара-Суу стадионунда өткөрүлгөн иш чара, 7-июль 2010-жыл.
топ иш аракетттер көрүлүп жатканын Ош губернаторунун орун басары Таалай Зикиров билдирди:

-Ош коогалаңы башталганга туура бир ай болду. Бул капсалаңдуу окуя жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө кайгылуу окуя болду. Борбор Азия эле эмес, жалпы дүйнө жүзүн кооптондурган кейиштүү окуя болду. Муну кылымдардан бери коңшу жашап келаткан карапайым кыргыз-өзбек улутунун жарандары жасаган жок. Бул кандуу окуяны өлкөбүздү бүлгүнгө учуратып, улуттар ортосундагы араздашуудан пайда көрөбүз деген эл душмандары, карсанатай адамдар жасаганы айдан ачык болду. Бул түштүктөгү кандуу окуя жалпы кыргызстандагы элдин кайгысы.

Т. Зикировдун айтымында, кыргыз-өзбек элинин ортосундагы ынтымакты, достукту арттыруу максатында айыл аксакалдары, абройлуу адамдар, жергиликтүү депутаттар менен бирдикте күнү-түнү кыйла иштер жүргүзүлдү. Эки-үч күн мурда эле Кара-Суу районунун стадионунда кыргыз-өзбек эки элдин ортосундагы достук боюнча чоң иш чара өткөрүлдү. Ушул өтүп бара жаткан жумалыкты Ош шаарында жана жалпы эле Ош облусунда “Ынтымакка келүүнүн,тынчтыкка келүүнүн” жумалыгы деп атап, шаар-райондордогу жабыр тарткандарга жардам көрөсөтүлүп, түшүндүрүү иштери өтүүдө.

Ошондой эле “Эл үнү” программасына кайрылган угармандар Убактылуу өкмөттү туруктуулукту орнотууга чечкиндүү чара көрүүгө, кадр сясатын туура жүргүзүп, өлкөдө накта элдик бийликти орнотууга аракет кылууга үндөштү.

Бишкек шаарынын туругуну Кубан Нурманбетов: Азыр өлкөдө туруктуулук аба менен суудай керек болуп турат. Биринчи кезекте элибизге ушу тапта тынчтык бейпилдик керек. Экинчиден, алдыда өлкөбүздө чоң саясий өнөктүк парламенттик шайлоо болгону турат. Мына ошол шайлоону таза, чыр-чатагы жок өткөрүү зарыл. Азыр козу карындай жайнаган саясий партиялар көп. Эл мына ошолордун татыктууларын тандап алышы керек. Үчүнчүдөн орчундуу кадр маселеси. Убактылуу өкмөт кадрдык баш аламандыкты
БУУнун Бишектеги кеңесесинин жанында укук коргоочулар тартип коргоо кызматтарындагы мыйзамсыздыкка каршы акция өткөрүштү. 9-июль 2010-жыл.
жоюу керек. Себеби апрель Элдик ыңкылабынан кийин келген аймактарда, жер-желердеги жетекчилер профессионал, өз кесибин мыкты билген адисттер болушу абзел Анткени алдыда күздөгү оруп-жыйуу, кыш камылгасын чечүү турат.

Азыр коомчулукта көтөрүлүп жаткан “Люстрация жөнүндө” мыйзамды колдоорун Өзгөн районундагы угарманыбыз Төлөгөн Жолдошев билдирди.

- Азыр Убактылуу өкмөт “К.Бакиевдин убагындагы кадрларды кызматка алынбасын”,-деген мыйзам чыгарганы жатыптыр. Мен ошол мыйзам долбоорундагы мурдагы бийликтегилер он жылга чейин кызматка алынбасын дегенди кош колдоп колдойм. Себеби Курманбек Бакиевдин элге туура эмес жүргүзгөн саясатын, тура жүргүзүп жатат деп колдоп беришкен. Мисалы мен Өзгөн районун айтсам, ал жердеги К.Бакиевди мактап-жактап жүргөн мурдагы жетекчилердин 99 пайызы дагы эле иштеп жатышат. Жаңы мыйзам долбоорун тездик менен кабыл алып туруп, мурдагы жетекчилерди тездик менен кызматынан алуу керек.

Келерки жумада мурдагы бийлик тушунда мамлекет, эл кызыкчылыгына каршы иштеген саясий кызмат жетекчилерин жооптуу ишке жолотпоо жөнүндө декрет долбоору Убактылуу өкмөттө талкууланышы күтүлүүдө.

Буга чейин Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев “Люстрация” жөнүндө мыйзамды Кыргызстанга колдону өтө тобокел болот деп эсептеген болчу:

-“Люстрация жөнүндө” мыйзам мурдагы режим менен тигиндей же мындай иштеген адамдар он жылга чейин кызматка алынбайт деген чектоо. Андай чектөө Чыгыш Европа өлкөлөрүндө болгон. Коммунисттик режим кыйрап, компартия эл душманы болуп турганда алар ушул мыйзамды өктөрүшкөн. Азыр мындай мыйзамды бүгүн өткөрө алмак эмес. Бүгүн бизде мындай чектөө киргизүү өтө тобокел болот деп эесептейм.

Бакай-Ата районунун тургуну Наби Алтымышбаев: - Эми бизде алдыбызда эң негизги ийгиликтүү жумуштар күтүп жатат. Анын бири парламенттик шайлоо. Мына ушундай саясий өнөктүктө экиге бөлүнүп-жарылбай, бирдиктүү өткөрүп алыш турат. Анткени эл үчүн иштеген, таза, мыкты эр-азаматтарыбызды тандап, өзүбүз добуш беришибиз керек. Элибиздин сабырдуулугу, пейли кенен. Ошондуктан мыкты парламентти шайлап алсак, биздин байлыгыбыз болот.

Кочкор районунун Чолпон айыл округунун башчысы Нурбек Жусупбеков: - Молдо Кылыч айылындагыМалтабаров атындагы орто мектептин абалы абдан жаман. 2006-жылдын 24-декабрындагы, 2010-жылдын 3-мартындагы жер титирөөдөн кийин мектептин 75 пайызы жараксыз болуп калган. 2010-жылдын 9-мартында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актысынын негизинде мектептин иамаратын пайдаланууга болбойт деген чечими чыгарылып, анын негизинде аталган министрлик төрт чатыр тигип берип, окуучуларды ошол чатырларда окуттук. Бул маселе боюнча мурдагы бийликке дагы, азыркы Убактылуу бийликке дагы кайрылдык. Алигиче бул маселе чечилбей келатат. Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевге кайрылганымда, ал 2010-жылдын мектептердин капиталдык курулуш боюнча титулдук баракчасына киргизүү жөнүндө комиссияга сунуш жиберишкен. Бирок азыркы мезгилге чейин бул маселеден эч кандай жылыш жок.

Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев: -Ооба, Нурбек Жусупбеков бизге кайрылган. Учурда бюджеттик тартыш болуп турганы баардыгыңздарга маалым. Анын үстүнө үч жыдан бери өлкөбүздүн аймагында ар кандай табигый кырсыктар көп болуп бир топ турак-жайлар мектептер талкаланган. Мына жакында июнь айындагы Оштогу окуяда да үч мектеп жараксыз болуп калды. Бирок биз Кочкордогу бул маселени көңүл чордонунан чыгарбайбыз. Балдар имаратсыз калышпайт. Мен бүгүн бул маселе боюнча орун басарларыма тапшырма берем. Өкмөттүн атынан тез чаралардын барын көрөбүз.

P.S: Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312- коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG