Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Ош: адегенде коопсуздук, газ кийин болот


Учурда Оштун тургундары бир топ кабаттуу үйлөргө газдын берилбей жаткандыгына нааразылыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымында, көп кабаттуу үйдө жашагандар электр менен тиричилик өткөрүүдө көп кыйынчылыктарды тартышууда. Ал эми шаардын газ чарба башкармалыгы айрым кабаттуу үйлөргө газдын берилбей жатышын, тургундардын коопсуздугу менен түшүндүрүшүүдө.

Айылдан эс алып кайткан Акылбек шаарга келери менен газ көйгөйүнө кабылды. «Чай кайнатып, оокат кылуу электр менен болгон үчүн бир топ кыйынчылыктар жаралып жатат» дейт Акылбек Орозматов:

- Окуу ачылганга чейин батирлерди иретке келтирели деп каникулдан кайтып келдик. Келсек газ жок. Плиталарга чай кайнатып ичип жатабыз. Алар кечке үзүлө берет. Бир чай кайнатканга жетет, жетпесе дагы үзүлөт. Эртең эле студенттер окууга келгенде кандай болот билбейм. Газ качан берилет, ал жагы да азырынча белгисиз.

Акылбек өзү да Оштогу жогорку окуу жайынын биринде окугандыктан, айрыкча студенттерди ойлоп кабатырланууда. Бирок учурда шаар тургундарынын дээрлик көпчүлүгү көгүлтүр отунсуз күн өткөрүүдө. Шейит-Дөбө кичи районунун тургуну Азадохан Ганиева да ушул күнгө чейин маалелерге газ бериле электигине кейип жатканын айтат:

- Мен өзүм 2 топтогу майыпмын. Биздин мааледе газ жок, плита иштетип жатабыз. Кээде жарык өчүп калганда 4 балам ачка калууда. Мааледе качкындар бар, алардын газы эмес, акчасы да жок. Алар кантип жан багышат билбей жатабыз.

Ал эми шаардык газ чарба башкармалыгынын адистери коогалаңдан талкаланып калган Шейит-Дөбө, Фуркат, Черемушка кичи районундорунда газдын жоктугун ал жердеги газ түтүктөрүнүн жарактан чыккандыгы менен түшүндүрүштү. “Түтүктөрдүн баарын ордуна келтиргенде гана аталган райондордун тургундарына газ берилет” дейт башкармалыктын жетекчиси Мамат Аматов:

- Бизде Ош шаары боюнча 58 миң абонент бар. Учурда анын ичинен 50 миңдейи газды колдоно алышат. Башкача айтканда, 82% калк газ менен камсыз болуп турат. Азыр Черемушка, Фуркат, Шейит-Дөбө сыяктуу айрым райондордо газ берилбей турат. Анткени ал жерде үйлөр өрттөнгөндө түтүктөр жарылып, эсептегичтер ээрип калган.

Бирок Ош шаарында талкаланып калган турак жайлардан сырткары, башка райондордогу кабаттуу үйлөргө деле газ толук жете элек. Шаардык газ чарба башкармалыгы мунун себебин тургундардын коопсуздугу менен байланыштырууда. Шаардык газ башкармалыгын жетекчиси Мамат Аматов буларды айтат:

- Көп кабаттуу үйлөрдө учурда адамдар аз. Биздин адистер текшерип чыкканда, алардын 40-50 пайызы келише элек. Тополоң маалында кээ бирлер газ түтүктөрүн ачкан боюнча кетип калышкан. Анан газ чыгып кетсе, кошуналары жарык жандырып койсо жарылып кетиши мүмкүн. Ошол себептүү айрым кабаттуу үйлөргө газ бере элекпиз. Бирок тургундардын баары келди деп, үйдүн кварталдык комитети келип кепилдик берсе, биз газды токтоосуз кое беребиз.

Мындай чечимди калаа тургундары нааразылык менен кабыл алышууда. Оштогу кабаттуу үйлөрдүн биринин кварталдык комитети Калима Касымова айрым тургундардын жоктугунун айынан бардык жашоочулар газсыз калып жатканын айтат. Анын айтымында, учурда кабаттуу үйдөгүлөрдүн дээрлик 50% кайтып келе элек:

- Июндагы окуяларга байланыштуу тургундар Бишкекке, башка жакка кетип калышкан. Азыр баары кайтып келише элек. Эми ошолордун айынан бизге да газ бериле элек. Мына биздин № 32, кийинки №6-7-8-кабаттуу үйлөрдө да газы жок. Баары кыйналып отурушат.

Мындай нааразылыктарды алдын алуу үчүн газ башкармалыгы башка чараларды да ойлонуштурган. Маселен, «Кыргызгаздын» жетекчилигинин буйругу менен Ош шаарында жабыр тарткан тургундарга жардам иретинде бир айлык пайдаланылган сумманын туумдарын жокко чыгарышкан. Июнь айында башкармалык 6 млн. сом чогултуп, 3 млн. сом туум элдин чөнтөгүндө калган.

Деген менен шаардын тургундары мындай “марттыкты” көрбөгөнүн айтышууда. Ош кичирайонундагы №6 кабаттуу үйдүн жашоочусу Зулайка Алтымышова карыздарын толук төлөгөнүн “Азаттыкка” айтып берди:

- Май айынын жыйырма бешинде эле бизде газ токтоп калган. Эки ай газ жок болуп жатса да мага эсеп менен кагаз келиптир. Карызым 87 сом болсо, 157 сом болуп калыптыр. Текшерүүчү биз жокто ушинтип жазып таштап кетиптир. Эми дагы кошулат деп жатат. 3 күнгө чейин төлөбөсөң дагы кошулат экен.

Буга кошумча Зулайка Алтымышова эки айдан бери газ өчүрүлүп турса да, айрым батирлерге газдын эсептери тынбай келип жатканын билдирди. “Биз эч кандай газ иштетпесек деле текшерүүчүлөр өзүчнчө эле сумма чыгарып карызсыңар деп кетишүүдө” дейт шаар тургуну.

Серепчилердин айтымында, Ош шаарынын тургундары сентябрь айына барып толугу менен кайтып келиши ыктымал. Анын ичинде миңдеген студенттер да бар. Ошол себептүү шаардын бардык райондоруна сентябрь айларына жакын гана газдын толук жетиши күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG