Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Орозо кыргыз-өзбек ынтымагын чыңдай алабы?


Ош шаарынын бир көчөсүндө
Ош шаарынын бир көчөсүндө

Орозо Ош-Жалалабаттагы кыргыз-өзбек ынтымакчылыгына өбөлгө түзө алабы? Коменданттык саат алынса – андан ары тынчылыктын орноп кетишине орозонун таасири тийеби?

Ош-Жалалабатта кыргыз-өзбек ынтымакчылыгын орното баштаган кезге ыйык орозо айынын туш келип жатышын жагымдуу аян-белги катары эсептегендер арбын. Ош шаарынын тургуну, отставкадагы полковник Иманберди Жалилов, маселен, мындай дейт:

- Орозо айы – ушунчалык сооптуу, сабырдуу, кечиримдүү ай. Алланын керемет касиеттери менен ар бир мусулман ушул касиеттерге чулганат. Ошондуктан бул орозо Оштогу коогалаңды жакшынакай күндөргө алып чыгат деп, бири-бири менен араздашкан кыргыз-өзбек мамилесин оңдойт деп мен ишенем.

Иманберди Жалилов Ош-Жалалабаттан коменданттык сааттын алыныш учуру орозо учуру менен оро-пара келгендигине да канагаттануу менен карайт. Анын пикири боюнча, ичкиликти ичүүгө түштүк жакта негизинен тыюу салынган, ичкиликтерди сатууга чек коюлган.

Экинчиден, кыргыз дебей, өзбек дебей, кечеги каргашалуу окуядан кийин Жараткандан чын пейили менен коркуп жашоого өткөндүгү байкалат. Мурдагыдай Жаратканга да, пендеге да калп мамиле жоюлууда. Жараткандын берген жакшылыктары арбын, жагымдуу болуш үчүн ошол кандуу окуядан кийин шүгүрлүк келтирип жашоого багыт алагандар абдан көп. Ошондуктан коменданттык саатты алып салган – орозо күндөрүндө эч кандай опур-топур иштер жасалбайт.

Жалал-Абад облусундагы Имам Азам медресесинин деректири Абдулазиз-кары Абдувалиевдин пикири боюнча, орозо айында иптарлыктарды арбын уюштуруп, ынтымакчылык осуяттарын тынымсыз айтып туруу кажет. Ошондой эле мамлекеттик, облустук жетекчилердин намаз окуп, орозо кармоосу да ынтымакчылыктын орношуна оң таасир этет.

Абдулазиз-кары Абдувалиев шарият боюнча, сооптун эң чоңу кечиримдүүлүктө жатканына кеп тизгинин бурду:

- Куранда адамдар бири-бирин өлтүргөн күндө да, арт жагы кечиримдүүлүк менен уланса, ошол адамдарга Жараткан чексиз соопторду берет деп айтылат. Бирок, кечирдим деп коюп кайра өч алуу иштерин жасаса – Жараткандын жазасы андайларга өтө катуу.

Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаев болсо орозонун ынтымакчылык үчүн оң таасирин танбастыгын айтып келип, орозо учурунда коменданттык сааттан да күчтүүрөөк көзөмөл зарылдыгын эскертти:

- Менин пикиримде, бул орозо – түштүк аймагында сыноо орозо! Анткени, жакындарынан ажырап – жүрөгү жараланып турган адамдарга азыр деле аябай оор. Коменданттык саатты алып коюп, орозо эле бизди жакшылыкка алпарат деп олтура бериш – албетте, туура эмес. Мамлекеттик бийлик орозо учурунда коменданттык сааттагыдан да күчтүүрөөк көзөмөлдү жасап турушу керек. Орозодо араздашуу ырбап кетсе бүт дүйнөгө шермендебиз чыгат.

Бир катар серепчилер орозо айында жалпыга маалымдоо каражаттары да ынтымак-ырашкерлик жөнүндө, ынтымакчылык үлгүлөрү боюнча кенен-чонон кеп куруп, каралоого, жалган маалыматтарга жол бербесе деген тилекте.

XS
SM
MD
LG