Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Июнь коогалаңында каза болгондор саны 393 болду


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бүгүнкү күнгө чейин коогалаңдын кесепетинен ооруканага кайрылгандардын саны 2327 адамга жетти. Алардын ичинен 1086 адам ооруканага жаткырылып, ушул тапта тогуз жүз үчү ооруканадан чыгарылды. Жалпы 1242 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондордун 91,4 пайызы эркектер, 7,5 пайызы аялдар жана бир пайызы балдар. Коогалаңда каза болгондордун 52 пайызы ок жеген болсо, 16 пайыздан ашууну кескиленип-бычакталгандар. Дагы 18 пайызы башынан катуу жаракат алышкан болсо, алты пайызы өрттөлүп кеткен. Соңку маалыматтар боюнча июндагы коогалаңда каза болгондордун элүү төртү дале таанылбай атат. Алардын бешөө көмүлө элек. Бардык таанылбаган сөөктөрдөн жана белгисиз жоголгон адамдардан 201 даана биологиялык материалдар алынган. Ушул тапта алынган биологиялык материалдардын кимге таандыгын аныктоо үчүн Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG