Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

ЖККУ олтуруму: Кыргызстан көч башындагы кеп


Орусия менен Армениянын президенттери жолугушуу маалында
Орусия менен Армениянын президенттери жолугушуу маалында

Армениянын ордо калаасы Ереванда Жамааттык коопсуздук келишими кюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин эки күндүк олтуруму башталды. Күн тартибиндеги башкы маселе Кыргызстандагы жагдайды турукташтыруу чаралары болууда.

Орусия президенти Дмитрий Медведев бейшемби күнү кечинде Ереванга мамлекеттик иш сапары менен келип түшкөн. Армения президенти Серж Саргсян менен ал жума күнү сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Жыйынтыгында Гүмри калаадагы орусиялык аскерий базанын тура туруусун узартуу протоколу жана эки тараптык ири ишкерий кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдерге кол коюулар болмокчу.

ЖККУнун лидерлеринин жыйынында президенттердин оозундагы кеп мындан ары Кыргызстандагыдай жагдай түзүлсө универсалдык чара көрүү экени айкын болду. Ал эми тыштан көз салып турган талдоочулар ой жорутуулары ар башка. КМШ өлкөлөр институтунан Владимр Жарихин бул жерде Европа тажрыйбасын колдонгон жакшы дейт.

Саясий талдоочу Аркадий Дубновдун баамдашынча, ЖККУ ишинин Кыргызстан боюнча кабыл алынчу чечими толук кандуу болуш үчүн эки жетекчинин колу жетишпейт:

- Өзбекстан президенти Ислам Каримов келген жок. Ошону менен ал ЖККУ олтуруму Кыргызстан боюнча кандай чечим кабыл алса да андан сырткары экенин билдирди. Ал эми олтурумга келип бергени менен Беларус президенти Александр Лукашенконун кыргыз маселесинде Москва менен тилектеш болуп берери күмөн санатат.

Саммит үстүндө Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жалпы эле өлкөдө жагдай кандай экендиги тууралуу билдирүү жасайт. Чечимдин кандай мааниде кабыл алынышына омок болчу негиз ошол экенин да айтышууда. Эксперт Санобар Шерматова Би-Би-Си үналгысына мындай пикирин айткан:

- Кантсе да аскерий-техникалык жардам болот. Июндун этегинде Николай Бордюжа Кыргызстандын түштүгүдө болгондо Орусия жана ЖККУ башка өлкөлөрү андай жардамды Кыргызстанга сөзсүз көргөзөт.

Бейрасмий саммитке ЖККУга мүчө өлкөлөр президенттери: Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев, Роза Отунбаева, Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон жана биринчи жолу Серж Саркисян катышууда.

XS
SM
MD
LG